Саясий партиянын кыскача аталышы:
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы
ИН, 00112200610191
ЮЖБР кирүү датасы:
Алгачкы катталган күнү:1-декабрь,2006-жыл.
Кайрадан катталган күн: 28.01.2016-жыл. Саясий партияны ачуу жолу: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик башкарууга аралашып жаткан, максаты жана идеясы бир, Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирүү..
Уставдын кабыл алынган датасы:
1-декабрь,2006
Катталган регионалдык филиалдардын саны:
Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеңеш.
САЯСИЙ ПАРТИЯ «Бүтүн Кыргызстан»
Байланыш маалыматтары
Дареги: Бишкек ш., Турусбеков к., 109/1 2-кабат, 208-бөлмө, «Максимум» СБ.
Байланыш телефону: 0705 243 568; 0779 958 098.
Коомдук кабылдама: 0705 243 568; 0779 958 098.
Интернеттеги байланыш тармактары: butunkyrgyzstan.kg@gmail.com
Расмий сайт: butun.kg
Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, 1965-жылы, 9-мартта Ош облусуна караштуу, Өзгөн районунун, Куршаб айылында туулган.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, 2011-жылы жана 2017-жылы Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
Эмгек ишмердүүлүүгү:
- 1985–1987 — Ош облусуна караштуу, Өзгөн районундагы «Кайнар» совхозунда жумушчу, «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасынын башчысы.
- 1992–1994 — Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министринин референти, "Түрк ааламы" гезитинин башкы редактору.
- 1992–1995 — редактор, башкы редактордун орун басары, Мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниянын жаштар берүүсүнүн башкы редактору.
- 1995–2005 — Жогорку Кенештин үч чакырылышынын депутаты.
- 2006- жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткарган.
- 2006–2007 — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.
- 2007–2008 — Жогорку Кенештин IV чакырылышынын төрагасы.
- 2008–2009 — Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы.
- 2013–2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин төрагасынын орун басары
- 2006 - 2020 – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
Саясий партиянын программасы (баяндоо):
Биздин максат: Социалдык акыйкатчылык жана жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылуу!
Биздин ПРИНЦИП:
Элдин көзөмөлүнө, элдин ишенимине негизделген күчтүү бийлик!
- Бийлик кимдир бирөөгө же саналуу топко эмес, элге кызмат кылышы керек.
Биздин ТАНДОО:
- Шаардыктардын ыңгайлуу жашоосуна шарттарды түзүү, азыркы жана кийинки мууңга татыктуу жашоону камсыз кылуу.
Биздин БААЛУУЛУКТАР:
- Коомдук кирешелерди акыйкат бөлүштүрүү;
- Адамдарды жакырчылыктан коргоо. Бул алардын эмгекке болгон укугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот.
- Бийликтегилердин өзум билемдигинен жарандарды коргоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
- Социалдык кепилдиктер системасын модернизациялоо.
- Бишкек шаарынын стратегиялык өнүгүүсү.
- Шаардын өнүгүшүнө керектүү болгон долбоорлор боюнча, өнөр-жай объектилерин түзүүгө багытталган инвесторлорго жагымдуу, ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу.
Биздин УРААН:
- Эмгектенген адам - жакыр болбош керек!
Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):
Партиянын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Топбаев Салык Асанбекович
Финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов Мирлан Шамшиевич
Саясий партиянын жаштар уюму: “Жаштар биздин келечек, ыйман, тазалык, тартип.”
Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар)
2010-жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.
2015-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо.
2017-жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.
2020- жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо.
2021- жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.