Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Биздин максат: Социалдык акыйкатчылык жана жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылуу!

Биздин принцип:

         Элдин көзөмөлүнө, элдин ишенимине негизделген күчтүү бийлик!

  • Бийлик кимдир бирөөгө же саналуу топко эмес, элге кызмат кылышы керек.

Биздин ТАНДОО:

  • Шаардыктардын ыңгайлуу жашоосуна шарттарды түзүү, азыркы жана кийинки мууңга татыктуу жашоону камсыз кылуу.

Биздин БААЛУУЛУКТАР:

  • Коомдук кирешелерди акыйкат бөлүштүрүү;
  • Адамдарды жакырчылыктан коргоо. Бул алардын эмгекке болгон укугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот.
  • Бийликтегилердин өзум билемдигинен жарандарды коргоо;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
  • Социалдык кепилдиктер системасын модернизациялоо.
  • Бишкек шаарынын стратегиялык өнүгүүсү.
  • Шаардын өнүгүшүнө керектүү болгон долбоорлор боюнча, өнөр-жай объектилерин түзүүгө багытталган инвесторлорго жагымдуу, ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу.

Биздин УРААН:

  • Эмгектенген адам - жакыр болбош керек!

 ЖАКЫНКЫ МИЛДЕТТЕР.

Коронавирустун эпидемиясы жетекчилердин жана алардын өлкөнү башкаруудагы жөндөмүн олуттуу сыноодон өткөрдү, түзүлүштүн алсыз тараптарын ачыктап биз ири эпидемияларга кандай туруштук бере аларыбызды айгинелеп койду.

         Короновирус илдетин алдына-алуу системасындагы кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Короновирус ооруларды алдына алуу системасындагы кемчиликтерди ачыкка чыгарды.

         Ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен жана медициналык перенсоналдын жетишсиздигинен медициналык мекемелер көзөмөлдөөнүн жана алдына-алуунун жергиликтүү системаларына өз учурунда кошула алышпады.

  • Covid-19 эпидемиясынын учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө тутумун жана медициналык камсыздандыруу системасын реформалоо.
  • Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн натыйжалуу башкаруу системасын түзүү.

 ИШЕНИМДҮҮ МИЛДЕТТЕР

ЭКОНОМИКА

«Бүтүн Кыргызстан»  артыкчылыктуу милдеттер деп эсептейт

 Өнөр-жай тармагында:

  • Реалдуу иштеген ишканалар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Буга салык, бажы, салык эмес төлөмдөр, жана тарифттик жөндөө чөйрөлөрүндөгү саясат баш ийиши керек.
  • Мамлекеттик колдоону күчөтүү жана стратегиялык маанилүү тармактарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
  • Экономикалык өсүштөгү инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюу;

 

Чакан жана орто бизнес жаатында:

  • Чакан жана орто бизнести тескөөдөн бошотуу;
  • Өндүрүшчүлөрү менен мамлекеттик өнөктөштүк аркылуу кызматташуу жөнүндө  келишимдин  чөйрөсүн кеңейтүү.
  • Криминал жана коррупциядан коргоо. Каржылоо булактарына жетишүүнү кеңейтүү.
  • Кичи ишкерчиликтин турушуна жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылган аракеттерге жоопкерчилик  каралган мыйзамды кабыл алуу.
  • Илимий кызматкерлер жана ойлоп табуучулар үчүн жумушчу орун түзгөн, жаңы технологияларды жана иновациялык өндүрүштү алып келген кичи жана орто ишканаларга мамлекеттик артыкчылык берүү.

Шаардын инфраструктурасы.

Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча алгачкы кадамдар.

Шаар куруу, архитектура,  курулуш багыты боюнча эң маанилүү документтерди иштеп чыгып, бекитүү зарыл (Башкы планды иштеп чыгуу, өнүгүү планын жана шаардын деталдуу планынын долбоорун иштеп чыгуу)

Бишкек шаарынын чек арасын так аныктоо.

Шаардын статусу жөнүндө мыйзам чыгаруу демилгесин иштеп чыгуу жана даярдоо.

Унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги жана жол тыгын көйгөйлөрү.

Шаардын жол жээгиндеги жана үйлөрдүн жанындагы аймактардын эсебинен акысыз унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү боюнча ишти уюштуруу.

Шаарда унаа токтотуучу жайларга чектөө белгилерин орнотуунун максатка ылайыктуулугун изилдөө, ыңгайлаштырууну камсыз кылуу.

Жолдорду жана ага чектеш аймактарды ижарага берүү боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынын ишине деталдуу анализ жүргүзүү, ижарага алынган жердин мыйзамдуулугун текшерүүнү уюштуруу. 

Жол тыгындарды азайтуу үчүн жолдорду кенейтүү жана кошумча жол куруу үчүн инвесторлорду тартуу керек.

Коомдук транспорт боюнча:

«Бүтүн Кыргызстан» зарыл деп эсептейт:

Шаарды ыңгайлуу коомдук транспорттор менен камсыз кылуу.

Газ жана электр энергиясы менен иштеген автобустарды жана кичи автобустарды лизинг келишими менен алуу керек (Германия, Япония, Кореяда жасалган).

Бара-бара шаарды экологиялык таза, ыңгайлуу транспортко толугу менен өткөрүү.

Коомдук транспортто пенсионерлер жана окуучулар үчүн жол кирени бекер кылуу керек.

Коомдук транспортто жол кире акысын шаардыктардын оюн эске алуу менен белгилөө зарыл.

Таштандыларды чогултуу жана кайра иштетуу:

Инвесторлорду тартуу менен таштандыларды кайра иштетүүчү ишканасын куруу.

Шаардын ичиндеги бак дарактарды суугаруу маселеси:

Бишкек шаарындагы бак дарактарды суугаруу ишин уюштуруу менен Бишкек «жашыл шаар» статусуна кайтаруу керек!

 ПЕНСИЯ

Пенсия-бул мамлекеттик социалдык төлөм. Бул карылыкты татыктуу жашоо үчүн акы алуу укугу. Биздин пенсионерлер өлкөнү түзүштү. Алар шаарларды жана айылдарды, ГЭСтерди курушту. Алар балдарды тарбиялап эгин эгип, нан жасаганды үйрөтүштү, илимди түптөштү.

«Бүтүн Кыргызстан» - биздин пенсионерлер терең сый-урматка жана жетиштүү карылыкка татыктуу деп эсептейт, ошондуктан:

Бийлик аркылуу алынып салынган, пенсионерлер үчүн жеңилдиктерди калыбына келтирүү керек;

ЖАШТАР

“Бүтүн   Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Жаштарга мүмкүнчүлүк түзүп, ар бир жаш адам өз жөндөмүнө жетишүү үчүн бир типтүү шарттарды түзүүгө басым коюу керек.
  • Жаш жарандар ийгиликтин баардык кабатында жана башкаруунун бардык чөйрөсүндө активдүү өйдө көтөрүлүшүнө мүмкунчүлүк түзүш керек.
  • Мамлекеттик ишканалар үчүн адистерге буйрутмаларды киргизип жаштар уюмдарынын конструктивдүү иштерин колдоо.
  • Мамлекетик спорттук, илимий, технологиялык комплекстерди курууну колдоо жана алар жаштарга акысыз жеткиликтүү болушу керек.
  • Мектептердин, орто жана жогорку окуу жайлардын интернетке кошулуусу акысыз жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО

 «Бүтүн Кыргызстан» саламаттыкты сактоо адамдардын үмүт-тилектерине жооп бериши керек деп эсептейт. Бул үчүн төмөнкүлөр маанилүү:

  • Медициналык тейлөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Дары-дармектер каражаттарынын сапатына жана айлануусуна, дары-дармектердин наркынын катышына жана калктын төлөө мүмкүнчүлүгүнө катуу көзөмөлдү орнотуу;
  • Дене-тарбия жана спорт менен массалык машыгууга шарттарды түзүү.

ҮЙ-БҮЛӨМАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮН ӨЗӨГҮ.

 «Бүтүн Кыргызстан» төмөнкүлөрдү маанилүү деп эсептейт:

  • Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жандандыруу, энелик жана аталыктын кадыр-баркын жогорулатуу;
  • Ар бир баланы бала бакчадан орун менен камсыз кылуу;
  • Бюджеттеги каражаттардын эсебинен балдарды толугу менен бекер дарылоого жетишүү;
  • Балдар жеткиликтүү эс алуучу жана ден-соолугун чыңдоочу инфраструктураларды калыбына келтирүү, биринчиден, жайкы балдар, спорттук, ден-соолукту чыңдоочу лагерлерди.

ТУРАК-ЖАЙ

«Бүтүн Кыргызстан» төмөнкүлөрдү:

  • мамлекет турак жай фондусун сактоо жана көбөйтүү, социалдык турак жайларды куруу, турак жай куруу болжолдонгон аймактарда инженердик жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жооп берет;
  • мамлекет биргелешкен курулуштун катышуучуларынын – жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кепилдиктерин жогорулатышы керек.
  • жеңилдиктерди орнотуу (турак-жай сатып алууга багытталган субсидиялар);

ЖКХ

Коммуналдык инфраструктура эскирген. Турак үйлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүү жарандардын мойнунда!

«Бүтүн Кыргызстан» маанилүү деп эсептейт:

  • турак-жайды оңдоо, коммуналдык кызматтарды тейлөө жана акы төлөө үчүн жеңилдиктердин ордун толтуруу үчүн жарандарга турак-жайларды даректүү субсидиялоого шаардык бюджеттин каражаттарын көбөйтүү;
  • бюджеттик кызматкерлер үчүн коммуналдык кызматтарды төлөөдө жеңилдиктерди киргизүү;
  • чиновниктердин жана бизнес структуралардын каталарын эске алып, коммуналдык төлөмдөргө тарифтерди жөндөөгө экономикалык негизделген жана ачык системаны түзүү, турак-жайды оңдоо жана түзүлүшүнө карата тарифтерди катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу.

МАДАНИЯТ бул улутту бириктирип туруучу пайдубал.

«Бүтүн Кыргызстан» керектүү деп эсептейт:

  • көп улуттуу элдин салттарын чагылдырган, чыгармачылык жашоодогу тармактарды колдоону камсыз кылуу;
  • ар бир шаардыктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына эркин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • социалдык кепилдикти жана талапка ылайык эмгек акыны камсыз кылуу;
  • Интернетке кошулган, баарына жеткиликтүү тармакта маалымат-маданияттык борбор болгон китепканаларды иштеп чыгуу;

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕНДЕРДИ (МАЙЫПТАРДЫ) КОЛДОО

 «Бүтүн Кыргызстан» деп төмөнкүлөрдү эсептейт:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге (майыптарга) майда жардамдар эмес, чыныгы колдоо керек. Майыптардын жашоосунун сапатын жакшыртууга бардык тараптан багытталган демилгелерди туруктуу ишке ашырабыз. Физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар толук кандуу коомчулукта жашоосуна жана өздөрүнүн жөндөмүн ишке ашырышы үчүн, болгон аракетибиздин баарын жумшайбыз.

УЛУТТУК САЯСАТ

 «Бүтүн Кыргызстан» эсептейт:

  • Өлкөдөгү улуттук кастыктын негизиндеги кылмыштуулук – бул коомдогу олуттуу оорунун белгилери. Көп улуттуу өлкө, диний толеранттуулук жана ар башка элдерди жана маданияттарды органикалык түрдө камтый билүү биздин мекендештерге ар дайым мүнөздүү. Өлкөнүн бийлиги жана саясат өкүлдөрү улуттар аралык ынтымакты сактоо үчүн тарыхый жоопкерчиликти алышат.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ

«Бүтүн Кыргызстан» мамлекеттик аппараттын жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарынын сатылып кетишин туура көрбөйт. Биз ишкерчиликти жана мамлекеттик кызматты айкалыштырууга тыюу салган мыйзамдын так аткарылышына аракет кылабыз! Коррупцияга аралашкан деп күмөн саналып аткан, кызматкер колунда бар байлыктын каржылык булактарын көрсөтүүгө милдеттүү.

ТАРТИПТҮҮЛҮК КҮЗӨТҮ ЖАНА КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

«Бүтүн Кыргызстан» жарандар үчүн коопсуздук – бул биринчи көйгөй деп эсептейт.

Кылмыштуулук, кылмышкерлердин бийлик структураларына түздөн-түз кирип кетиши, сот адилеттигинин жеткиликсиздиги, соттордогу коррупция – мыйзамдуулуктун жолундагы негизги тоскоолдуктар.

ЭКОЛОГИЯ

Экологиялык маданияттын жоктугу, булганыч жерлер, суулар, аба, Кыргызстандын биологиялык жана токой ресурстарына жапайы мамиле кылуу, экологиялык коопсуздук стандарттарын четке кагуу адамдардын, өлкөнүн калкынын ден-соолугуна чындап коркунуч туудурган көптөгөн экологиялык тобокелдиктерге алып келет.

«Бүтүн Кыргызстан» экологиялык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн экологиялык камсыздандыруу системасын түзүүнүү сунуш кылат. Бул жарандардын жагымдуу айлана чөйрөгө болгон укугун коргоонун бирден-бир жолу.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы ушундай.

Биз, Ата-мекендин тагдыры, борборубуздун онугушу кымбат жана коомго кайдыгер карабаган жарандарды күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууну каалаган ар бир адамды биздин катарга кошулууга чакырабыз!

Биз толук кандуу өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана талантын ишке ашырган, материалдык жактан камсыз болгон адамдардын, билимдүү, ден-соолугу чың коомду түзүлушуно болгон күч аракетибизди жумшайбыз.