Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы:

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы

ИН, 00112200610191

ЮЖБР кирүү датасы:  

Алгачкы катталган күнү:1-декабрь,2006-жыл.

Кайрадан катталган күн: 28.01.2016-жыл.  Саясий партияны ачуу жолу:  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик башкарууга аралашып жаткан, максаты жана идеясы бир, Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирүү..

Уставдын кабыл алынган датасы:
1-декабрь,2006

Катталган регионалдык филиалдардын саны:

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеңеш.

САЯСИЙ ПАРТИЯ  «Бүтүн Кыргызстан»                       

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек ш., Турусбеков к., 109/1 2-кабат, 208-бөлмө,  «Максимум» СБ.

Байланыш телефону: 0705 243 568; 0779 958 098.

Коомдук кабылдама: 0705 243 568; 0779 958 098.

Интернеттеги байланыш тармактары: butunkyrgyzstan.kg@gmail.com

Расмий сайт: butun.kg

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):

Мадумаров  Адахан Кимсанбаевич, 
 1965-жылы, 9-мартта Ош облусуна караштуу, Өзгөн районунун, Куршаб айылында туулган.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, 2011-жылы жана 2017-жылы Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
Эмгек ишмердүүлүүгү:

  • 1985–1987 — Ош облусуна караштуу, Өзгөн районундагы «Кайнар» совхозунда жумушчу, «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасынын башчысы.
  • 1992–1994 — Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министринин референти, "Түрк ааламы" гезитинин башкы редактору.
  • 1992–1995 — редактор, башкы редактордун орун басары, Мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниянын жаштар берүүсүнүн башкы редактору.
  • 1995–2005 — Жогорку Кенештин үч чакырылышынын депутаты.
  • 2006- жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткарган.
  • 2006–2007 — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.
  • 2007–2008 — Жогорку Кенештин IV чакырылышынын төрагасы.
  • 2008–2009 — Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы.
  • 2013–2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин төрагасынын орун басары
  • 2006 - 2020 – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.

Саясий партиянын программасы (баяндоо):

Биздин максат: Социалдык акыйкатчылык жана жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылуу!

Биздин ПРИНЦИП:

         Элдин көзөмөлүнө, элдин ишенимине негизделген күчтүү бийлик!

  • Бийлик кимдир бирөөгө же саналуу топко эмес, элге кызмат кылышы керек.

Биздин ТАНДОО:

  • Шаардыктардын ыңгайлуу жашоосуна шарттарды түзүү, азыркы жана кийинки мууңга татыктуу жашоону камсыз кылуу.

Биздин БААЛУУЛУКТАР:

  • Коомдук кирешелерди акыйкат бөлүштүрүү;
  • Адамдарды жакырчылыктан коргоо. Бул алардын эмгекке болгон укугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот.
  • Бийликтегилердин өзум билемдигинен жарандарды коргоо;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
  • Социалдык кепилдиктер системасын модернизациялоо.
  • Бишкек шаарынын стратегиялык өнүгүүсү.
  • Шаардын өнүгүшүнө керектүү болгон долбоорлор боюнча, өнөр-жай объектилерин түзүүгө багытталган инвесторлорго жагымдуу, ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу.

Биздин УРААН:

  • Эмгектенген адам - жакыр болбош керек!

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

Партиянын төрагасы                      Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү     Топбаев Салык Асанбекович

Финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү    Полотов Мирлан Шамшиевич

Саясий партиянын жаштар уюму: “Жаштар биздин келечек, ыйман, тазалык, тартип.”

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар)

2010-жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.

2015-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо.

2017-жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.

2020- жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо.

2021- жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.