Саясий партиянын кыскача аталышы: СП “Биздин Эл”

ИН:01312201610094

ЮЖБР кирүү датасы: 13.12.2016

Саясий партиянын түзүлүүшү: уюштурулган (каттоо)

Уставдын кабыл алынган датасы: 13.11.2016

Катталган регионалдык филиалдардын саны: азырынча жок

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кенеш

САЯСИЙ ПАРТИЯ “Биздин Эл”

Байланыш маалыматтары: 996704262797, 0555320935

Штабдын дареги: Бишкек ш., Москва көч. 266

Байланыш телефону:996 704262797, 996 701102552

Коомдук кабылдама: 996 776715315, 996 708141787

Интернеттеги байланыш тармактары: nash_narod

Расмий сайт:Эл. дарек: nash-narod@mail.ru

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):

Партиянын лидери - Алмаз уулу Аскар, 1993-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы №58 мектепти ийгиликтүү аяктап, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институнун (ИСИТО) юридикалык факультетине тапшырган. Ал жактан институттун жашоосуна активдүү катышып, университеттер аралык жана эл аралык конференциялардан ар дайым байгелүү орундарды алып келген. 2012-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, Орусияга кетүүгө аргасыз болгон. Ал жактан Аскар Алмаз уулу иштеп дагы ошол эле учурда саясий илимдерди да изилдеп турган. Орусияда жүрүп, Кыргызстандын ички жана тышкы саясий процесстери жөнүндө макалаларды жазып, социалдык тармактарга чыгарып турган. Мекенине кайтып келгенден соң кайрадан окуусун улантып,азыркы учурда 5-курсту ийгиликтүү аяктап жатат. 2019-жылдын декабрь айында Аскар Алмаз уулу өзүнүн санаалашы менен бирге “Жаштардын Демилге Борбору” деген коомдук бирикмени негиздешет. Кыска мөөнөттүн ичинде, Жаштардын Демилге Борбору көптөгөн коомдук долбоорлорду ишке ашырды. 2020-жылдын жаз айында активисттер борбор калааны жашылдандыруу үчүн 2000ге чукул бак отургузушуп, ошол эле жылдын июль айында Аскар пикирлештери менен биргеликте биринчилерден болуп шаар тургундарына дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун бекер таркатышкан. Октябрь айында, парламенттик шайлоодон кийин, Жаштардын Демилге Борбору алгачкылардан болуп элдик кошуундарды түзүп, шаардын бейпил жашоосун коргоону өз моюнуна алышкан.

Азыркы учурда Аскар Алмаз уулу “Биздин Эл” саясий партиясынын төрагасы.

Саясий партиянын жаштар уюму -  100% жаштардан турган партия.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар) - буга чейин катышкан эмес.