1. Саясий партиянын программасы: 

    “Биздин Эл” саясий партиясы жаш жарандар менен түзүлгөн. Биздин катарыбызды ыктыярчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, искусство ишмерлери, програмисттер, студенттер жана башкалар түзөт. Партиянын пайдубалы өлкөбүз үчүн оор мезгилдерде – коронавирус жана элдик толкундоолордун учурунда түптөлгөн. Мына ошол учурда шаардыктардын активдүү бөлүгү “Жаштардын Демилге Борборун” түзүп, бирдиктүү фронтко биригүүгө чечим кабыл алышты. Өзүлөрүнүн башынан татаал бир жолду басып өтүп, жаштар Бишкек шаардык кеңешине шайлоого барууну чечишти. Бишкек шаардык кеңеши – бул шаардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон глобалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кубаттуу “курал”. Тажрыйбасы, каражаты жок жаштар он миңдеген адамдарга жардам көрсөтө алышты, ал эми бул “курал” менен алар Бишкек шаарынын жүз миңдеген, миллиондогон жарандарына жардам беришет. 

    1. Клептократияга каршы күрөш (Бийликтин артыкчылыктарын жеке байлыкты жана саясий таасирди көбөйтүү максатында колдонгон шылуундар көзөмөлдөгөн өкмөт);
    2. Люстрация – мамлекеттик кадр түзүмдөрүнүн жашаруусу. Креативдүү экономиканы жана жашыл экономиканы илгерилетүү.
    3. Партиялык максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу. Партиялык мдеологияны өнүктүрүү, Бишкек шаарынын мэриясынын бардык түзүмдөрүнүн сапатын катуу көзөмөлдөө.
    4. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө түзүү. Жарандык пикирди колдоо. Мамлекет – бул жалпы укуктагы жана максаттагы бириккен адамдардын биримдиги.
    5. Калктын социалдык жактан аялуу катмарына, тактап айтканда, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, пенсионерлерге, жакырларга жана пробацияга өзгөчө көңүл буруу.
    6. Жаштар. Активдүү сергек жашоо образына, дүйнөнүн жаңы чакырыктарына, маданияттуулукка жана патриотизмге тарбиялоо.