Ош шаарындагы «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы.
- «Ыңгайлуу бизнес чөйрөнү жаратуу».
Ош шаарынын экономикасынын негизги бөлүгүн орто жана чакан бизнес түзөт. Ишкерлер үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар, ашыкча текшерүүлөр, шаардык деңгээлде коррупциялык аракеттер көп. Шаар тургундарынын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алып, бюджетке түшүүчү салыктарды көбөйтүү максатында жаңы механизмдерди киргизүү.
- «Ыңгайлуу шаар»
Ош шаарынын тургундары үчүн ыңгайсыздык жараткан көптөгөн көйгөйлөр бар:
- Таза суу;
- Жолдор;
- Тазалык;
- Шаар тургундарынын коопсуздугу
Төмөндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган эң оптималдуу модельдерин аныктоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу иштерине кесипкөй адистерди тартып, каржылоо булактарын табып, натыйжалуу чечимдерди ишке ашыруу.
- «Ош – ири үчилтик»
Ош шаары Фергана өрөөнүн борборунда жайгашып, соода сатыкка, туризмге ыңгайлашкан шаар. Биз Ош шаарын келечектеги көрүнүшүн “Ош үч борбордун шаары” деп көрөбүз, алар: 1) Туристтик борбор 2) Соода-логистикалык борбор 3) Жаштар IT борбору
- «Башкы планга ылайык шаар куруу»
Шаардын Генералдык планын жана деталдуу пландоо долбоорун 1-2 жылдын ичинде ишке киргизүү. Ош шаарында акыркы 5 жыл аралыгында курулуш тармагы бат өнүгүп, көп кабаттуу үйлөр, соодаборборлору курулууда. Мындай башаламан курулуштардын кесепеттерин алдын алуубуз зарыл. Шаарыбыздын экологиялык коопсусздугун, тарыхый жана эстетикалык өзгөчөлүктөрүн, инфраструктуралык мүмкүнчүлүтөрүн, экономикалык өнүгүүсүн эске алуу менен эл аралык урбанист адистердин жардамы аркылуу генералдык планды ишке киргизебиз.
- «Ачык экономика»
Бүгүнкү күндө Ош шаарынын республикалык экинчи шаар болгондугуна карабай бюджети 1 млрд. 325 млн.сомду түзөт, бул көрсөткүч шаар аймагында көмүскө экономиканын көлөмү жогору экендигин кабар берет. Салык жыйноодо адам ресурстарын азайтып, автоматташтырылган, заманбап технологиялырды пайдаланып, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу.
- «Адамдык потенциалды өнүктүрүү»
Медицина – шаар аймагындагы ооруканалардын шарттарын жакшыртып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын негизинде ооруканаларды заманбап жабыктар менен камсыз кылуу жана жаңы медициналык имараттарды куруу.
Билим берүү- Ош шаарында билим сапаты боюнча төмөндөп баратканы акыркы ЖРТнын жыйынтыктары тастыктайт. Шаардык деңгээлде инновациялык билим берүү, критикалык ой жүгүртүү, кесип тандоого багытталган программаларды мектептерге киргизүү зарыл. Андан сырткары мугалимдер арасында стимул жаратуучу прогрммаларды ишке киргизебиз.
Жаштар – Ош шаарында 120 миңден ашуун жаштар бар. Жаштардын убактысын туура пайдаланууга жана билим алууга шыктандыруу үчүн заманап жаштар борборлорун, кретивдүү студияларды жана китепкана, коворкинг мейкиндиктерин ачуу.
- «Муниципалдык кызматтарды санариптештирүү»
Заманбап технологиялар аркылуу шаар тургундары үчүн муниципалдык кызматтарды пайдалануу процесстерин жеңилдетүү