Шаардык кеңештердин тизмеси > Ош шаардык кеңеш > "Келечек-Будущее" саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы: «Келечек-Будущее»

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 134917-3300-ПП, 06.02.2014.

Саясий партиянын түзүлүшү: 06.02.2014-ж.

Уставдын кабыл алынган датасы: ГРЮ 0017660

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 2 (Бишкек, Ош)

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Партиянын съезди

САЯСИЙ ПАРТИЯ: «КЕЛЕЧЕК-БУДУЩЕЕ»

Байланыш маалыматтары

Дареги: Ош ш., Ленина көчөсү №280А

Байланыш телефондору: 0771-800-919

Коомдук кабылдама: Ош ш., Ленина көчөсү №280А

Интернеттеги байланыш тармактары: chynybek.t@gmail.com

Расмий сайт: Жок

Партиянын төрагасы. Ош шаары боюнча саясий партиянын лидери, Тойчиев Чыныбек Абдималикович, 07.04.1982-жылы Ош шаарында төрөлгөн, улуту кыргыз, Ош шаарында, Н.Исанов көчөсү №15-үй, №12-батирде жашайт.

1989-жылы Кара-Суу районунун №87 Сыдык Алайчиева атындагы орто мектебине 1-класска барган, 1995-жылы Ош шаарындагы №28 Уркуя Салиева атындагы мектеп лицейине өтүп, аны 1999-жылы аяктаган. Эки жогорку билимдин ээси, Ош Технологиялык Университетинин финансы-экономикалык факультетинин «бухгалтердик учет жана аудит» адистиги жана Ош Мамлекеттик Университетинин кадрларды кайра даярдоо Институтунун «юриспруденция» адистиги.

Эмгек жолу, 2004-2011-жж. «Эко-Ош» «ЭкоБанк» ААКда стажер, бухгалтер, юридикалык жактар боюнча бухгалтер, сактык кассасынын башчысы, түштүк регионунун сактык кассалар боюнча башкы адис,  филиалдын жетекчиси.

2011-2014-жж. Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, башчы. С 2014 года по 2016 год был занят частным предпринимательством.

2016-жылы «РСК Банк» ААКнун Өзгөн филиалынын директору. 2018-жылдын апрель айынан тартып  «РСК Банк» ААКнун Ош филиалынын директору болуп эмгектенип келүүдө.

2016-жылдын ноябрь айынан бери Мады айылдык Кеңешинин депутаты, бюджет жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын торагасы.

Үй-бүлөлүү, 1 кыз 2 уулдун атасы. Башка өлкөнүн жарандыгын алган эмес

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат:

«КЕЛЕЧЕК-БУДУЩЕЕ» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН САЯСИЙ КЕҢЕШИНИН КУРАМЫ

Саясий кеңештин төрагасы: Макешов Чингиз Дуйшенкулович

Төраганын орун басары: Бербаев Тимур Омурбекович

Саясий партиянын жаштар уюму: Жок

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык маалыматтар)

 «Келечек-Будущее» саясий партиясы жергиликтүү кеңешке биринчи жолу катышууда 2021-жыл.

Саясий партиянын Ош шаары боюнча ыйгарымдуу өкүлү: Азимжанов Эрнист Нурланбекович

Саясий партиянын Ош шаары боюнча финансылык окүлү: Улан уулу Саламат