Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

«Ата-Журт Кыргызстан» №1

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аракеттердин жаңы программасы менен бара жатат. Ал "Биз менен бирге!" шаардык платформасы деп аталат. Программада Бишкектин негизги 5 көйгөйү жана аларды чечүүнүн жолдору аныкталган.

 №1 көйгөй. Бишкектеги кара түтүн

Жеке сектордо жана ЖЭБде негизги отун катары газды колдонууну, ар бир курулуштун аймагынын 50%ын жашылдандырууну, ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу үчүн болгон күчтү сарптоону сунуштап жатабыз.

№2 көйгөй. Жол тыгындары

Биздин сунуш -  газ жана электр менен жүргөн коомдук транспортко өтүү. Эки жыл ичинде экологиялык 500 автобус линияга чыгат. Коомдук транспорт үчүн атайын жол тилкелерин ажыратуу, көп кабаттуу муниципалдык унаа токтотуу жайларын куруу, Бишкектин айланасында магистралдарды куруу жана модернизациялоо - биз ишке ашырчу жумуштар.  

№3 көйгөй. Бишкектин жаңы конуштары

Биз жаңы конуштарды ирилештирип, аларга микрорайон макамын берүүнү сунуштайбыз. Жаңы конуштар калаанын толук кандуу бир бөлүгүнө айланып, андагы тургундарга газ, суу, канализация, электр энергиясы жана жолдор жеткиликтүү болушу керек.

№4 көйгөй. Борборду өнүктүрүүгө жарандардын катышуусу төмөн

Активдүү жарандарды шаарды башкарууга тартуу үчүн бардык шарттарды түзүүнү сунуштайбыз. Бишкек мэринин алдында коомдук кеңеш түзүлөт, "Элдин көзөмөлүндө", "Биздин тандоо" жана "Жаңы Бишкек" санариптик инструменттери киргизилет. Булардын баары шаардыктардын өз телефону аркылуу эле Бишкекти башкарууга катышуусун шарттайт.

№5 көйгөй. Жумушсуздук

Биз чакан жана орто ишкердикти колдоо чараларын иштеп чыгууну, иш берүүчүлөрдү колдоону, квалификацияны жогорулатуу жана кайра окутуу боюнча жеткиликтүү программалардын санын көбөйтүүнү сунуштап жатабыз.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы - чыныгы күч!

Биз менен бирге бол!