Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Кыргызстан Жашылдар Партиясы" Саясий партиясы

"Кыргызстан Жашылдар Партиясы" саясий партиясынын программасы

 "Кыргызстан Жашылдар Партиясы" саясий партиясынын «Smart Bishkek 2021-2025» программасы борборду 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн эң маанилүү максаттарын жана милдеттерин аныктайт. Программа Бишкек шаарын инфраструктурасы өнүккөн, жарандардын боорукердигине байланышкан уникалдуу, социалдык-маданий мүнөздөмөлөргө ээ, ошондой эле, шаардын бардык мууундары үчүн ар тараптуу жашоосуна ыңгайлуу көчөлөрү жана скверлери менен заманбап  ишкердик борборуна айлантууга багытталган.

Бишкек шаарынын келечеги: Бишкек - бул жашыл, жайлуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, шаардыктардын кыялдары орундалган, ыңгайлуу жана жигердүү жашоо үчүн технологиялык жактан жабдылган шаар. Кыргызстан Жашылдар партиясынын программасы борбор шаарды өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттарын аныктаган блоктордон турат.

Блок 1. Smart(Акылдуу) – саясат - муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун өркүндөтүүнү, Bishkek Сitizen долбоорун ишке ашырууну, анын ичинде шаардагы коопсуздукту контролдоонун бардык тармактарын санариптештирүүнү, ошондой эле, Бишкек шаар башчысын түз шайлоону илгерилетүүнү жана райондук акимчиликтерин жоюуну айкалыштырат.

Блок 2 Smart(Акылдуу) - экономика "жашыл" (экологиялык жактан таза) экономикага өтүүнү, өндүрүштө жана толук өндүрүш циклда экологиялык таза технологияларды колдонгон ишканаларга салык жеңилдиктерин берүүнү, шаардык туризмди өнүктүрүүнү, көмүскө экономикага каршы күрөшүтү ж.б. камсыз кылат.

Блок 3. "Жашыл" билим берүү, билим берүү жана илим - бул жарандар үчүн жеткиликтүү билим берүү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, балдардын экологиялык аң-сезимин өстүрүү, практикага багытталган экологиялык таза ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, экологиялык таза жашоо образын, жеткиликтүү кошумча кечки билимди (жалпы билим берүү, музыка, көркөм искусство жана спорт мектептери, окуу сабактар, ийримдер, секциялар ж.б.) жайылтуу боюнча иштелип чыккан натыйжалуу маалымат саясаты.

Блок 4. Green public policy  - Жашыл мамлекеттик саясат - бул жарандык коомдук  институттарын чыңдоону жана муниципалдык бийликти жүзөгө ашырууда алардын ролун, жарандардын бардык катмарларын социалдык жактан коргоону (товардык социалдык карталар, жеткиликтүү кыймылсыз мүлк), психикалык өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон  маалыматтардан балдарды  коргоону камтыган кеңири блок.

Блок 5. Smart-урбанистика – Акылдуу шаар таануу – бул шаар мейкиндиктерин сапаттуу жакшыртуу, сейил бактар менен скверлердин санын көбөйтүү, шаарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына ылайыкташтыруу, велосипедчендер үчүн инфраструктураны түзүү, экологиялык  жактан таза транспорт киргизүү, шаарды ачык-айрым, туура пландаштыруу жана "жашыл" технологияларды колдонуу менен үйлөрдү куруу, жеткиликтүү социалдык кыймылсыз мүлк жана башкалар боюнча иштер.

Блок 6. Акылдуу- коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо - биринчи кезекте, бул таштандыларды бөлүп чыгарууну, ошондой эле аны кайра иштетүүнү киргизүү.

Блок 7. Акылдуу энергия - альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү - энергетикалык коопсуздукка жана борбордун туруктуулугуна жол.

Блок 8. Акылдуу саламаттыкты сактоо – мамлекеттик дарыканалардын тармагын өнүктүрүү, балдардын жана чоңдордун поликлиникалары ар кыл  болушу.