Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Таза Бишкек»

«Социал-демократтар» партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Шаарды башкаруу чөйрөсүндө:

 «Түз демократия». Шаардыктардын 5000 добушуна ээ болгон демилге Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда сөзсүз карала турган эрежени киргизүү. Мэр эл тарабынан шайланышын сунуш кылабыз.  Мэрияда, райондук администрацияларда, МТУларда кайталаган функцияларды кыскартуу, шаардын башкаруу системасында ашыкча звенолорду жоюу.

«Акылдуу шаар» Бул долбоор 4 жыл мурда  социал-демократтар тарабынан сунушталып, анда шаардык кызмат көрсөтүү (коммуналдык чарба, транспорт, жарыктандыруу ж. б.) санариптик башкарууга негизделген эле. Аны «Коопсуз шаар» долбоору менен алмаштырышып, ал болсо чет өлкөгө акчаларды чыгаруунун куралына айланып, коррупцияга батты. Биз, өз IT-адистерибизди ишке тартып, коррупциясыз «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизебиз. 

- Шаар кварталдарына «Коопсуз короо» программасын сунуштайбыз.

Шаардык бюджет чөйрөсүндө:

Бишкекке «Өнүктүрүү бюджетин»  түзүү керек, ал төмөнку булактардан болот:

Шаар бюджети республикалык бюджет каржылоого милдеттүү болгон тармактарды каржылабашы керек. Муниципалдык менчикти пайдалануу менен муниипалдык-жеке өнөктөштүк долбоорлорун киргизүү зарыл. Өнөр-жай зоналарын реновациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.

Шаардык инфраструктура чөйрөсүндө:

- Шаар абасынын булгануусун азайтуу үчүн: жеке менчик үйлөрдү газдаштыруу, турак жайды жана бизнес объекттерин жылытууда көмүрдү колдонууну азайтуу, экологиялык отун (газ) колдонулган коомдук транспортту пландуу түрдө сатып алуу, автомобиль кыймылын санариптик башкаруу системасын киргизүү. Шаарды жашылдандырууну көбөйтүү.

- Генпландын жана ПДПнын эрежелерине ылайык гана курулуш куруу. Жаңы жер астындагы өтмөктөрдү куруу.  Таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу.

- Жаңы суулуу горизонтторду өздөштүрүү, суу жүгүртүү системасын ишке киргизип,  сууну үнөмдөө үчүн суу өлчөгүчтөрдү колдонууну сунуштайбыз.

Маданият, билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөсүндө:

- Шаардык бюджеттин эсебинен мектеп окуучуларына 30га жакын шаардык музейлерге баруусуна шарт түзүү, Тарых музейин кирүүчүлөр үчүн ачуу. 

- "Социалдык карта" киргизип, шаардагы пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, көп балалуу үй-бүлөлөр ж.б. аялуу катмар үчүн жеңилдиктерди берүү.

- Оор кырдаалга кабылган аялдар үчүн кризистик борборду түзүү.

- Бишкекте жаштардын бизнес-инкубаторун түзүү, ал өнүктүрүү фонддор менен кызматташуу аркылуу жаш ишкерлердин долбоорлорун колдоого алат. Жаштар менен иш алып баруучу уюмдарды (спорттук, маданий ж. б.) колдоого алуу.

Биз билебиз, эмне кылуу керек, жана кантип жасоо керек!

Социал-демократтар бишкектиктердин жыргалчылыгы үчүн энергиясын жана билимин жумшоого даяр!