Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Эмгек Партиясы" саясий партиясы

МГЕКтен

БИЗ КИМБИЗ?

“Эмгек” партиясы өз мээнети менен жүздөгөн ишканаларды жана миңдеген жумуш орундарды түзгөн жаратмандардын командасы. Биздин команда ондогон социалдык долбоорлорду колдоосун улантат. Биз жумуш орундарын, социалдык инфраструктураны жана билим берүү долбоорлорун түзөбүз. Биз элге кинотеатрларды кайтарып бердик жана кеңири форматтуу IMAX киноматографиялык системаны киргиздик. Көп тилдүү билим берүү системасынын келечеги кең экенин далилдөө максатында университет негиздедик. “Эмгек” партиясынын командасы кыргыз футболунун жана Улуттук спорттун түрлөрүнүн кайра жаралуусунун башында турат. Биз тилектештердин, тажрыйбалуу өндүрүшчүлөрдүн жана өз өлкөсүн сүйгөн патриоттордун командасыбыз.

Бишкек - өлкөнүн экономикасынын локомотиви

- Биз он миңдеген жумуш орундарын түздүк. Жаңы жумуш орундарын түзүүнү улантабыз. - Жалпы муниципиалдык мүлктү эл үчүн иштетебиз.

Шаарды көрктөндүрүү. Өнүккөн инфраструктура – сергек жашоо образы!

- 200 чакырым тротуар курабыз. 100 чакырым веложолдорду салабыз. - Унаа  жүрбөгөн “Бишкек Арбаты” аттуу жөө адамдар үчүн көчө түзөбүз. - Ар бир кварталда эс алуу (Pocket Parks) зоналары пайда болот. - Парк жана сквер статусу менен бак-дарактуу аянттарды сактайбыз жана көбөйтөбүз. - Көлмөлөрдүү калыбына келтирип, колдонууга беребиз.

Коопсуздук жана тартип

- Борбор калаабыздын тургундарынын коопсуздугу баарынан жогору турат. Шаар боюнча 5000 видео байкоочу камераларды орнотобуз. - “Коопсуз көчө”, “Коопсуз район” жана “Коопсуз шаар” долбоорлору. 

Шаарды эффективдүү башкарабыз

- Бюрократия жок! “Бирдиктүү терезе”. Элге ыңгайлуу болушу үчүн муниципиалдык кызматтарды санариптештиребиз. - Бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун камсыз кылабыз!

Коомдук транспорт саясатын колго алабыз

- Газ менен жүргөн ыңгайлуу автобустарды жана троллейбустарды лизинг жолу менен көбөйтөбүз. - Коомдук транспорт тармагына келген жеке инвестициянын агымын арттырабыз. - Экологияга зыян келтирбеген транспорттордун түрлөрү үчүн инфраструктураны түзөбүз.

Жаңы конуштарды өнүктүрөбүз

- Жаңы конуштар шаардын толук кандуу бир бөлүгү. Жаңы конуштарды өнүктүрүү программаларын аткарууну көзөмөлгө алабыз. - Ар бир конушка кенен эс алуучу аймактарды салабыз. - Жаңы конуштарга мектеп, бала бакча, жол, медициналык жана маданий объектилери сыяктуу негизги социалдык имараттардын курулушун ишке ашырабыз. - Жаңы конуштарды газдаштырып, суу түтүктөрүн жана канализация сыяктуу инженердик түйүндөрдү сапаттуу камсыздайбыз.

Социалдык Бишкек

- Социалдык жардамдарды алууну жеңилдетебиз. - Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, аларга ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. - Мектепке чейин жана мектепте татыктуу билим берүүнү камсыздайбыз.

Шаардын сырткы көрүнүшү

- Шаардын дизайны боюнча атайын эреже (бирдиктүү стандарттагы) кабыл алабыз. -Ландшафтык дизайнды иштеп чыгып, борбор калааны жашылдандырабыз.

Экологиялык коопсуздук

- Бишкектин абасы таза болушу керек. “Ышсыз Бишкек” программасын кабыл алабыз. - Жашыл экономика. Экологияга зыян келтирбей туруп шаардын өнүгүшүн камсыздайбыз. - Таштандыны сорттоо маданиятын киргизебиз.

Маданият. Спорт. Туризм.

- “Манас” айылы тарыхтын, маданияттын жана туризмдин эл аралык борбору болот. - Ат майданды Улуттук ат оюндары борборуна айлантабыз. - Экскурсиялык автобус турларын уюштурабыз.