«Улуу журт» партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Урматтуу Бишкектиктер, Бүгүнкү күндө мэриянын иш аракеттери шаар тургундары тарабынан кескин сынга алынууга өттү. Ачыгын айтыш керек, Борбор калаа күндөн күнгө көйгөйлөргө көмүлүүдө. Ошол эле маалда Бишкек мэриясы шаарды ар тараптуу көйгөйлөргө тумчуккан абалдан алып чыгуунун жолун али да таба албай келет. Бирок, мындай ыраатсыз, башаламан агымды токтотууга мезгил келип жетти.

Ачык айталы, Борбор калаанын башбийлигине барууга кимдер аракет жасоодо? Жемкорлукка баткан жана жашоочулардын шартын эч ойлонбогон курулуш компаниялардын өкүлдөрү аракетте. Алар Бишкек шаардык кеӊешине баруу менен Мэрликти мелжеп, ошол креслону алууну көздөшүүдө. Алар шаардын көркү, ыӊгайлуулугу, келечеги үчүн эч качан максаттуу кадам жасашпайт!

11-июль күнү сиз өлкөнүн борбору болгон сүйүктүү шаарыбыздын алдыӊкы жылдардагы өсүп-өнүгүү жана өзгөрүүсүнө, мезгил талабындагы заманбап шаарга айлануусуна түздөн түз салым кошо аласыз. Алдыда боло турган Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо мезгилдин күрөө тамырын кармай билген, жашоо ыргагын жакшы нукка бура алган, эч кандай жемкорлук жана шылуундукка ысымын булгабаган адамдарды тандап алуу учуру келип турат. Андыктан Борбор калаанын жаркын жана жашыл шаар болушу сиздин добуштан гана көз каранды.

Бишкек шаарыбыз заманбап инфраструктурадагы, көздүн жоосун алган архитектуралык көрүнүшү бар, ошондой эле тарыхый нукту сактай алган ири шаарлардын бири боло алаарына ар бирибиз ишеним менен карашыбыз керек.

Борбор калаа бийлиги шаардагы авто тыгындарды, таш талканы чыккан тротуарларларды, сапатсыз жана жыртык-тешик жолдорду чечүүнүн жолдорун издөөнүн эч кандай колго албай келүүдө. Мындан ары көрктүү борбор калаабыздын көӊүл ирээнжиткен көйгөйлөрүнө көз жумган кайдыгерликке чыдоонун чеги жок.

Биздин пикирде борбордун экологиясы башкы баалуулук болушу шарт! Бирок, күн санап шаар ичинде ыраатсыз жана чаржайыт курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн улам бак дарактар кыйылып, алардын ордуна жаӊы көчөттөр отургузулбай, жашоочулар таза дем алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашууда. Ушу тапта борбор калаага көрк жана экологиялык дем бере турган газондор, сейил бактар жетишсиз.

Ошол эле маалда Борбор калаа ыш-түтүндөн арыла албай келе жатканы чоӊ көйгөй. Ар качан кыш мезгили кирип келгенде шаар тумчугуп, жашоочулар менен меймандардын ден соолугуна эбегейсиз коркунуч жаралууда. Бирок, мындай олуттуу коркунучка шаар бийлиги дагы деле көӊүл бура алган жок. Ыш-түтүн көйгөйү шаар бийлигин эсине кыш мезгилинде гана келгени менен ага тиешелүү чара көрүү жааты сенек абалда.

Бишкек мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыӊгайсыз шаарга айланды. Шаардын кан тамыры болгон жолдор, тротуарлар талкалануунун жеткен чегинде. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата шаар аралап жүрүү үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Тротуарлар аӊ-чөӊгөккө айланып, атайын пандустар, арыктардан өтүүчү көпөрөчөлөр дээрлик жокко эсе.

Шаар бийлиги курулуш жаатына оӊ-солду уруксаат бере берип, борбор калаа коопсуздук эрежелеринин кызыл сызыгынан чыгып барат. Шаарыбыздын келбети күндөн күнгө көрксүз болуп, башаламан айылга айланып бараткансыйт. Шаардын көптөгөн маселелери дагы деле чечилбей, мэриянын көңүл сыртында  кала берүүдө. Атап айтсак,  Бишкектин четиндеги таштанды полигонунун жанында жашаган адамдар өмүрүн тобокелге салып, антисанитария шартында жашап келишет. Бул көйгөй албетте шаардын тургундарына гана эмес, бүткүл мамлекеттин жарандарынын ден соолугуна кескин коркунуч келтирүүдө.

Бишкек формалдуу түрдө “Коопсуз шаар” алкагына киргени жана видео көзөмөлдөө камералардын бар болгонуна карабастан факты жүзүндө коопсуз шаар бойдон калууда. Акыркы кезде уурулук жана талап-тоноо учурлары көбөйүп, адам уурдоо фактылары да катталды. Мэрия бул маселелерди чечүүнүн жолдорун издеп, жарандардын коопсуздугун талап кылышы учурдун талабы.

Экология өзгөчө артыкчылыкка ээ болушу абзел. Тилекке каршы, шаарыбызда жашылдандыруу азайып,  бак-дарактар ​​жаңы имараттардын салынышынан улам кыйроого учуроодо.  Ар кыш сайын келе турчу булганган абаны чечүү маселесин,  шаардык бийлик кыш мезгили келгенде гана козголуп,  жылытуу мезгили бүткөндө эстен чыгарып жиберишет.

Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн, "Улуу Журт" саясий партиясы ар бир жарандын ыңгайлуу жашоосуна жана Бишкектин коноктору шаарда коопсуз жүрүүсүнө, бардык шарттарды түзүп беруүгө төмөнкү программаны  сунуштайт.

                                                Партия эмнелерге умтулат:

  1. Коомдук транспорт маселелерин чечүү:

-Коомдук электротранспортторду көбөйтүүгө

- Жолдорду сапаттуу оңдоо менен бирге, тыгындарды азайтып, жаңы линияларды ачууга

  1. Бишкек шаарынын экологиялык абалын өзгөртүү боюнча натыйжалуу чечимдерди чыгарууга:

- Абанын булганышын алдына алуу үчүн, шаарды газ менен жылытууга

- ЖЭБге абаны тазалоочу курулуштарды орнотууга

- Бишкектеги мыйзамсыз таштанды таштоочу жайларды тазалап, таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү заводдорун курууга. (Инвесторлорду тартуу менен)

- Шаарды жашылдандырып, эс алуу бакчаларын көбөйтүүгө

 -Шаардын өпкөсү болгон жаш бактарды кыюуну токтотууга

- Жашыл экономиканын алкагында ар кандай инновациялык бизнес стартаптарды колдоого

  1. Жаңы конуштардын орчундуу маселелерин чечүүгө

- Жаңы конуштарды суу менен камсыз кылууга

-Жаңы конуштардын жол маселесин чечүүгө

  1. Шаардын инфраструктурасын жакшыртууга

-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бирдиктүү реестрин түзүп, майыптар үчүн инфраструктураны жакшыртууга.

- Өлкөбүздүн маданиятын жана жашоо образын чагылдырган жайларды куруу менен бирге туризмге салым кошууга.

- Архитекторлор, скульпторлор жана активисттер менен бирге имараттарды көрктөндүрүүгө

-Шаардагы фонтандарды көбөйтүүгө

-Шаардын жарык берүү маселелерин чечүүгө

  1. Шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун алдын алууга.
  2. Муниципалдык кызматты квалификациялуу кадрлар менен көбөйтүүгө.
  3. Бишкек шаардык кеӊешинин ишинин айкындуулугун жана натыйжалуулугун ачыктоого жетишүү
  4. Борбор калаанын башчысы-мэрин шаар тургундары шайлоо жолу менен тандап алуу укугуна жетишүү
  5. Көчөлөрдө жана базарларда мыйзамсыз башаламан соода-сатыктарды жоюу
  6. Брусчатка, бордюр жана бетон плиталарын чыгара турган Муниципалдык ишканаларды куруу. Бул шаарыбыздын бюджетин көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
  7. Курулуш иштериндеги жемкорлукту жоюу.
  8. Жолдун сапаттуу жасалуусун арттырууга жетишүү
  9. Көп кабаттуу үйлөрдү курууда коопсуздук жана курулуш эрежелеринин сапаттуулугун тыкыр көзөмөлгө алуу.
  10. Кароосуз үй жаныбарлары үчүн камкорлук көрүүчү жайларды ачуу

 

Урматтуу Бишкектиктер, «Улуу-Журт» партиясы - бул борборубуздун жаркын келечеги!

Борбор калаабыздын келечегине кайдыгер карабасаӊыз туура тандоо жасап, добушуңузду «Улуу-Журт» партиясына бересиз деп ишеним артабыз!