“РЕФОРМА” ПАРТИЯСЫ

ЮМ КАТТАЛГАН МӨӨНӨТҮ: 28.08.2012

ТАЛАПКЕРЛЕРДИН САНЫ: 74

Биздин ураан: Адилеттүүлүк, Үмүт, Өнүгүү!

“Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Асман Ала-Тоо” партиялары

РЕФОРМА партиясынын байрагы астында биригишип, Бишкек шаар кеңешине шайлоого баратат!

  1. Бакча-шаар атын кайтарабыз!
  • Электробустардын санын көбөйтүү.
  • Борбордук бөлүктө транспорт агымын азайтуу.
  • Шаардын ондон бир аянтын парктар менен сейил бактар басат.
  • Түтүнү жок көмүр брикет чыгарган завод.      
  1. Бишкек – адам үчүн ыңгайлуу шаар!
  • Өз билим берүү программасы.
  • Шыктуу жана калктын аярлуу катмарларынын балдарына колдоо.
  • Жашаган жерине карабай социалдык кызматтарды жеткиликтүү кылуу.
  • Жаштардын өз маданиятына (субкультура) колдоо көрсөтүү.
  1. Бишкек – жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шаар.
  • Жол салууда тротуарлар менен веложолдорго артыкчылык.
  • Борбордук бөлүк үчүн бирдиктүү архитектуралык көрк.
  • Мамлекеттик жана муниципалдык имараттарда тосмолорго тыюу салуу.
  • Коомдук имараттардын дааратканалары баарына жеткиликтүү.
  1. Бишкек – жарандар үчүн коопсуз шаар.
  • “Коопсуз шаар” долбоору уланат. Жаңы конуштар эске алынат.
  • Муниципалдык милиция, түнкү кайгуул батальон, ыкчам топ.
  1. Бишкек – инвестчилер үчүн жайлуу шаар.
  • Жашыл экономика, инновацияга ыктаган стартаптарды колдоо.
  • Коммуналдык ресурстарга кошулуу үчүн баарына түшүнүктүү эрежелер.
  • Муниципалдык мүлктү, жерди ижарага берүү, сатуу онлайн жүргүзүү.
  • Таштанды, жарыктандыруу, коомдук транспорт аутсорсингге.
  1. Бишкек – адилеттүү жана натыйжалуу бийликке жетишкен шаар.
  • Жергиликтүү жамааттардын ролун күчөтүү.
  • Жыл сайын Жарандык бюджет басып чыгуу.
  • Өз аймактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоо.
  • Көз карандысыз финансы бөлүгү.
  • Муниципалдык кызматтардын электрондук порталы.