«БИЗДИН ЭЛ – НАШ НАРОД» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

СӨЗДӨН ИШКЕ ӨТКӨН ЖАШТАР ПАРТИЯСЫ. Биздин программа калаабыздагы жашоону жакшыртуу боюнча так кадамдардан турат. Аларды биргеликте ишке ашырабыз!

  1. ШААРДЫ ЧЕТ ЖАКАСЫЗ КЫЛАБЫЗ!

Бишкектин четиндеги жаңы конуштар шаардын өнүгүү борборуна айланууга тийиш.

  1. БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫН ЖӨЛӨК ПУЛДАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЙБЫЗ!

Тургундарды колдоо шаар бийлигинин негизги саясаты болуусу зарыл. Биз жөлөк пулдарды көбөйтөбүз.

    3. ЖЕТКИЛИКТҮҮ, ЗАМАНБАП ЖАНА САПАТТУУ МЕДИЦИНА МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАБЫЗ!

Шаар тургундарын жана жаңы конуштардын жашоочуларын

МОБИЛДИК МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТТАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЙБЫЗ.

  1. БАЛДАР ҮЧҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖАНА ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ АЛУУ ШАРТТАРЫН ТҮЗӨБҮЗ!

Билимдүү жаңы муунду тарбиялоо үчүн Бишкектеги билим берүү системасын түп тамыры менен өзгөртөбүз.

  1. БИШКЕКТИН АРХИТЕКТУРАЛЫК КӨРҮНҮШҮН ИРЕТКЕ КЕЛТИРЕБИЗ!

Бишкек – биздин мекенибиздин борбору. Ал шаар тургундары үчүн кооз, ыңгайлуу жана заманбап, туристтер үчүн жагымдуу болуусу кажет.

  1. КАГАЗ ТОЛТУРУУ БАШАЛАМАНДЫГЫН ЖАНА БЮРОКРАТИЯЛЫК ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖОЁБУЗ!

Бишкек шаарындагы муниципалдык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө инновациялык ыкмаларды киргизебиз.

  1. БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ТАШТАНДЫ КӨЙГӨЙҮН ЧЕЧИП,

ҮЙЛӨРДҮ "АКЫЛДУУ" КЫЛАБЫЗ!

Бишкектеги шаардык таштанды таштоочу жайдын маселесин чечүү зарыл. Таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү маданиятын киргизебиз.

  1. BISHKEK HUB – КРЕАТИВДИК ЭКОНОМИКАЛЫК БОРБОР КУРУЛАТ!

Инновация, маалымат технологияларына инвестиция тартып, ошондой эле жаштарды жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө басым жасалат.

  1. КООМДУК ТРАНСПОРТТУ ИРЕТКЕ КЕЛТИРЕБИЗ!

Дүйнөдөгү ири мегаполистердин тажрыйбасын колдонуп, шаардын транспорттук башкаруу тутумун модернизациялайбыз.

   «БИЗДИН ЭЛ - НАШ НАРОД» ПАРТИЯСЫ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРИҢИЗДЕР!

БИЗДИН ӨЛКӨ!

БИЗДИН ШААР!

БИЗДИН ЭЛ!