Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Столица" Демократиялык партиясы" саясий партиясы

«СТОЛИЦА» ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНЫН

ПРОГРАММАСЫ

 

КИРИШҮҮ

         Биздин айланабыздагы дүйнө өзгөрүп жатат. Жаңы чакырыктар жердин жашоочуларын багытын өзгөртүүгө жана бүгүнкү күнгө чейин көнүмүш эмес болгон таптакыр жаңы жолдорду тандоого мажбурлоодо. Азыркы учур келечекти аныктайт, мына ошондуктан бардык кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө карабай, биз өнүгүүнүн айкын багытын көрүп турабыз жана биздин мамлекет башка өнүккөн өлкөлөр менен бирге өнүгүү жолуна түшөт деп кепилдик беребиз. Ал үчүн көптүн кереги жок, болгон биригүү зарыл – ал биздин колдон келет.

Пандемия убагындагы тажрыйба, Тажикстан Республикасы тарабынан Баткен облусуна жасалган агрессия убагындагы окуялар жана дегеле башка башка татаал кырдаалдарда кыргызстандыктар бөтөнчө өз ара уюшкандык жөндөмдүүлүгүн жана бардык көйгөйлөрдү жалпы күч-аракеттер менен чечүүгө болоорун көрсөтүштү. Биздин элдин өз ара жардамдашуу касиетин биз өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн пайдаланууга тийишпиз жана кыргызстандыктардын мындай жөндөмүн мамлекеттик башкарууга колдонууга тийишпиз жана ошондо биз улуу Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаратуунун айкын жолун таба алабыз.

Биз жалпы иш үчүн өзүбүздүн жеке дымактарыбызды унута турган кыргызстандыктардын партиясыбыз. Биздин максат улуу гүлдөгөн Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жаратуу болуп саналат. Ал эркин, бактылуу адамдардын өлкөсү, өзүнө жана Мекенине ишенген жарандардын мамлекети болот. Ушул максатка жетүү үчүн биз өз акыл-эси жана эмгеги менен өзүнө жана жакындарына жакшы жашоо түзгөн инсандардын башын кошобуз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жаратууга акылы, эрки, күч-кубаты жете турган адамдарды бириктиребиз.

         Бул үчүн бизге шайлоо алдында саясатчылардын кызматта турган кезде космоско чейин учурам деген куру убадалары менен фантазияларынын кереги жок. Бизге бүгүнкү күнгө керектүү, так жана айкын аракет пограммасы керек. Алар төмөнкүдөй жөнөкөй суроолорго түздөн түз жана түшүнүктүү жооп бериш керек: 

Күчкө толуп турган кыргызстандыктар кайда иштеши керек? Өп-чап жан багууга араң жараган айлык үчүн эмес, татыктуу жашоого жеткидей эмгек акыны кантип табуу керек?

Жүз миңдеген кыргызстандыктарды жакырчылыктан жана эң зарыл нерсе үчүн акча тартыштыгынан улам басынуудан кантип куткарууга болот?

Коррупциядан жана уюшкан кылмыштуулуктан кантип арылуу керек? 

Көпчүлүк биздин жарандарды шарты жакшы турак жай менен кантип камсыздоого болот?

Бүгүнкү күнү коопсуздукту, адам укугун сактоону, карапайым элге гана иштеген мыйзамдардын аткарылышын кантип камсыздоо керек?

Дарыга акчаң жок болсо оорулуу баланы кантип айыктырууга болот?

Жалгыз бой эне болсоң, төрт жумушта тазалык кызматкери болуп иштесең, мектепте бардыгы үчүн акча талап кылса, анда төрт баланы кантип окутасың?

Эгерде соттор капчыгы калыңдардын пайдасына чечим кабыл алып жатса адилеттүүлүктү кайдан табыш керек?

Миллиондогон мигранттарды кайтарып келүү үчүн шарттарды кантип түзүү керек?

Ишенип коюңуз, биздин ар бирибиз бул көйгөйлөрдү санап аягына чыга албайбыз жана дээрлик ар бирибиз аларды чечүү үчүн өзүбүздө бар саясий эрк жана билим гана керектигин билебиз! 

         Биринчи кезекте жана башкы негизде нукура элдик бийликти орнотуу биздин партиянын программасы болуп саналат, программада биз мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруунун жаңы форматын сунуш кылабыз. Ошону менен бирге ушул документ экономикалык программа дагы болуп саналат. Анткени кыргыз экономикасынын толук өнүгүшү, биздин жарандардын бакубатчылыгын өсүшү – Кыргызстандын калган бардык көйгөйлөрүн чечүүнүн зарыл шарты төмөнкү 3 компонентинен көз каранды:

  1. Чынчылдык, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк, өз ара сыйлашуу, өз ара колдоо көрсөтүү жана мекенге болгон сүйүү;
  2. Нукура Кыргызтандыктардын рухий, адеп-ахлах жана маданий өзүн өзү аныктоосу;
  3. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнүн башталышы жана дүйнөлүк коомчулуктагы татыктуу орду.

Биздин партия башынан блокторду курууга жана ар бир Кыргызстандык менен иштешүүгө даяр, биз жогорку рухий баалуулуктары бар, дүйнө боюнча эң мыкты шарттарда жашай турган жана ал коомдун ар бир мүчөсү маанилүү болгон жана анын добушу өлкөнүн келечегин аныктоодо орчундуу салмакка ээ болгон заманбап коомду курууну каалайбыз. 

 

Ошондо гана биз биргеликте биздин партиянын – «Биздин Кыргызстан Борбордук Азиянын Борбору» негизги максатына жете алабыз!

  1. БИШКЕК – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ БАШТАЛЫШ

       Адилетсиз шайлоолор, компетенттүү эмес чиновниктер жана бардык жерде жайылган туташ коррупция - бардыгын ушул көйгөйлөрдү бир айла кылып чечүүнү ойлонууга мажбурлады, анткени биз үмүттөнгөн, бизди ишендирген адамдар, эч качан бузулбастай болгон адилетсиздик машинасына кошулуп кетишти. Биздин партиянын мүчөлөрү кырдаалды талдап көрүп, башкаруу системасын өзгөртүү жана элге нукура элдик башкаруу формасын берүү керек деген ойго келди.

Ушундан улам Бишкек шаарынын мисалында биз Сиздерге урматтуу шаардыктар, муниципалитеттин жаңы иштөө форматын сунуштайбыз.

Азыр Бишкек шаарынын мэриясы ашыкча чоңойтулган штатка ээ, Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардын кызыкчылыгына жооп бербейт.

Анткени шаардын бюджети багыты боюнча пайдаланылбайт. Ошондуктан биз ар бир түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоопкерчилик чөйрөсүн бөлүүнү сунуштайбыз жана шаарда түз элдик башкаруу механизмин ишке киргизебиз.  

Биз ошентип мамлекеттик кызматтарды мамлекеттик органдардын карамагына берүүнү сунуштайбыз, анткени бүгүнкү күнү эч ким жоопкерчилик тартпайт, бири бирин кайталаган ондогон органдар бар, алар иштеп жаткандай түр көрсөтөт, бирок жыйынтык жок, курулай жооп кат жазуунун шаардыктар үчүн кереги жок.

 

Сунушталган түзүм:

Орган

Функциясы жана милдеттери

Каржылоо

Түшүнүрүү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (Мэрия)

 

Шаардыктардын жашоо ишмердүүлүгүн дүйнөлүк стандаттар боюнча үзгүлтүксүз камсыздоо

Жергиликтүү бюджет

Мэрия шаардын инфратүзүмүн түзүү боюнча шаардыктардын талаптарын жүзөгө ашырууга тийиш, бул идеалдуу жолдор, парктар, гүлбактар, архитектура, шаардын тазалыгы, ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация камсыздоосу, инвестиция тартуу, көзөмөл ж.б.у.с.

Мамлекеттик бийлик органдары

Мамлекеттик кызматтардын стандарттарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү

Республикалык бюджет

Көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын мисалында Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы бар, мамлекеттик медициналык мекемелер Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине баш ийген шартта, бардык кызмат көрсөтүүлөр стандарт боюнча көрсөтүлүүгө тийиш, стандарттардан четтөөлөр үчүн жоопкерчиликке тартуу керек. Мэрия иш жүзүндө түшүнүксүз штатты кармоодон тышкары эч нерсе кылбайт.

 

Жергиликтүү кеңеш, бийликтин өкүлчүлүктүү органы (БШК)

Шаардыктардын кызыкчылыктарын жергиликтүү мыйзам чыгаруу деңгээлинде коргоо.

Жергиликтүү бюджет

Бюджетти аныктоо, туруктуу координациялык кеңештер мпнен мэриянын өз ара бирге аракеттенүүсү

Туруктуу координациялык кеңештер

 

Мэрия жана БШК үчүн милдеттерди таап көрсөтүү жана аныктоо

Каржыланбайт

Жер-жерлерде көйгөйлүү зоналарды таап көрсөткөн, негизги милдеттерди аныктаган жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечүү боюнча багыттай турган туруктуу коомдук координациялык кеңештер түзүлөт. Алардын ишмердүүлүгү, коомдук маанидеги бардык көйгөйлөр бардык деңгээлде билдирме катары таризделгидей болуп аныкталат. Эгерде билдирме тиешелүү мөөнөттө аткарылбаган учурда ал билдирмени аткарууга жооптуу жак жоопкерчиликке тартылат. Жүзөгө ашыруу механизмдери ченемдик укуктук актылар жана жаңы санариптик технологиялар менен коштолот. 

 

Функционалдык жана экономикалык анализ көрсөткөндөй, башкаруунун ушундай системасын киргизүүдөн кийин Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаты 68% оптималдаштырууга түш болот. Ошону менен бирге муниципалитеттин үлүшү бар акционердик коомдор болот жана эч ким ишсиз калбайт. Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү ушул кайра түзүүлөрдүн эсебинен 40% кайра каралат, башкача айтканда, жылына 4 млрд сомдой акча Бишкек шаарынын өнүктүрүүгө багытталат, ошол каражаттардын жылдык келип түшүүсүнөн бюджеттин киреше бөлүгү 10% көбөйөт, башкача айтканда, 1 млрд сомго өсөт.   

Мэриянын бүткүл штаты үчүн алардын ишмердүүлүгүн баалоонун реалдуу системасы киргизилет, кошумча рычаг катары багыттар, райондор боюнча көчөлөргө чейин координациялык кеңештер карайт.

Система «Бирдиктүү карта – шаардыктын QR коду» системасы

 Партия өз ыйгарым укуктарынын алкагында “Ыңгайлуу жана жеткиликтүү Бишкек” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча так милдетти аныктады, долбоор өзүнө төмөнкүдөй механизмди камтыйт.

Шаар жашоочусунун ыңгайлуулугу - Бишкек мэиясынын эң биринчи милдети, ар бир шаардыкка же борбордун коногуна Бирдиктүү карта же QR- код алуу мүмкүнчүлүгү берилет, анын жардамы менен ар бир адам муниципалитеттин, жеке менчик жана мамлекеттик органдардын бардык кызматтарына жеткиликтүү боло алат. Ошону менен бирге ал системаны колдонуу үчүн арзандатуулар жана бонустар сунушталат, бул өз кезегинде бардык шаар калкын ошол системага масштабдуу өтүүгө кызыктырууга мүмкүндүк берет.

Мультипликативдик эффект: 2021-жылдын 1-апрелине карата жүгүртүүдөгү жалпы акчанын суммасы 128 113,9 млн сомду түздү, андан 8 297,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында турган, ал эми калган 119 816,2 сом банктан тышкаркы тутумда жүгүртүлгөн. Бишкек шаары акчалай жүгүртүүнүн басымдуу үлүшүн топтогон, башкача айтканда, Бишкек шаарында жалпы акчанын 50% көлөмү, же 120 млрд сом жүгүртүлүп турат. Биз ошол системаны ишке киргизүү менен акчалай агымдардын ачыктыгын жана салыктык жашырууларды төмөндөтүүнү камсыздай алабыз, ошону менен биз салык төлөөчүлөрдү ашыкча түйшүккө салбастан, кошумча салыктык төлөмдөрдүн келип түшүүсүн камсыздайбыз.

 

Борбордун саламаттыкты сактоо системасындагы жаңы мамилелер

 Бүгүнкү күнү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык стандарттарын жана саясатын саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик орган жүргүзөт. Бирок муниципалдык бюджеттен дагы саламаттыкты сактоого акча каралат, мисалы 2021-жылы 238 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Биз муниципалдык жеке менчик өнөктөштүктүн базасында муниципалдык медициналык мекемелерди түзүүнү сунуштайбыз, анда бардык кызмат көрсөтүүлөр коммерциялык негизде көрсөтүлөт жана жакшыртылган шарттар менен жогорку деңгээлде болот. Ошону менен бирге шаар калкынын жеңилдик алган категориясы үчүн акысыз болот, бул мамлекеттик кепилдиктер программасынан тышкары аткарылат. Аны менен катар ошол мекемелер мамлекет үчүн мамлекеттик буйрутманын алкагында медициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзөт. Ошентип биз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин азыркы абалынан, атүгүл эң алдыңкы мамлекеттик медициналык мекемелердин деңгээлинен дагы алда канча жогорулата алабыз. Мындан тышкары, биз калктын медициналык кызматтарга карата негизги муктаждыгын камсыздайбыз, кошумча киреше табабыз жана шаар калкынын колдоого муктаж категориясы үчүн медициналык кызмат көрсөтүү маселесин чече алабыз. 

 

 Борбордун билим берүү системасындагы жаңы мамилелер

 Бишкек шаарынын мэиясы жыл сайын билим берүү тутумуна 4 млрд сомдон ашык каражат коротот, ошону менен бирге Билим берүү министрлиги менен муниципалитеттин ортосундагы жоопкерчилик зонасы кандай бөлүнөөрү түшүнүксүз. Биз борбордук билим берүүнүн эл аралык стандарттарга шайкеш келе турган бирдиктүү системасын түзүүнү сунуштайбыз. Мектепте окуу үчүн акы алууга таптакыр тыюу салынганына карабастан ата-энелер акча төлөп жатканын моюнга алуу керек. Ошондуктан мамлекеттик мектептерден тышкары, биз жогорку деңгээлде билим бере ала турган жеке менчик муниципалдык акы төлөнүүчү мектептерди уюштурабыз, анда 20% квотанын негизинде шаардыктардын жеңилдик каралган категориясы үчүн окутуу акысыз болот.

Башкача айтканда, муниципалитет жеткиликтүү баалар боюнча окшош кызмат көрсөтүү менен Бишкек шаарынын жеке менчик мектептери менен чындап атаандашат. Биз ошентип мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларды тыябыз, ошол сыяктуу система мектепке чейинки билим берүү жана ЖОЖ системасына дагы киргизилет.

Муниципалдык базарлар – чиновниктер үчүн акыр эмес, социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүнчүлүгү

 Бишкек шаарынын аймагында бир катар муниципалдык базарлар жайгашкан, мындан тышкары, ижарага алынган жерлерде калк үчүн керек-жарак товарларын соодалаган бир катар дүкөндөр орун алган. Партия ижара акысын төлөөнүн 80/20 системасын киргизүүнү сунуштайт. Башкача айтканда, 20% ижара акысы шаар калкынын социалдык колдоого муктаж категориясы болгон пенсионерлер, майыптар, аз камсыз болгон жарандар үчүн арзандатууларды берүү түрүндө топтолот. Шаардыктар Бирдиктүү картаны жана QR коддорду пайдаланууда ошол базарлардан алынган товарлар үчүн арзандатууларды ала алышат. Биз ошентип биздин жардамга муктаж шаар тургундары үчүн даректүү жадам көрсөтө алабыз.

Бишкек шаарындагы коомдук транспорт көйгөйү

 Коомдук транспорт көйгөйлөрү жөнүндө ар бир шаар тургуну жакшы билет – бул эң биринчи кезекте тариф жана сапаттуу транспорттук кызмат көрсөтүү.

Партия ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз туура жолун сунуштайт, атап айтканда:

  1. Тарифтердин наркын аныктоонун ачык жол-жобосун киргизүү, башкача айтканда, ар бир жаран тигил же бул тариф кайдан алынганын, бардык чыгашалардын так аныктамаларын жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рентабилдүүлүк ченемдеринин так аныктамасын билиши керек. Ошентип биз негизделген тарифтерди аныктай алабыз жана ошондо бүгүн болуп жаткан көйгөйлөр кайра жаралбайт.
  2. Коомдук транспорттук каражаттарга карата жалпы эрежелерди жана стандарттарды шаардыктардын талаптарын жана инклюзивдик ыкмаларды эске алуу менен аныктоо;
  3. Шаар тургундарынын Бирдиктүү картаны жана QR коддорду пайдалануусунда бонустар системасын киргизүү, башкача айтканда, бардыгы шаардагы жүргүнчүлөр агымынын көлөмүн жана тигил же бул транспорттук компания кандай кирешелерди алаарын билет, ал эми шаардыктар коомдук транспортту ар жолку пайдаланууда арзандатууларды жана бонустарды алат.
  4. Жеңилдик алган жүргүнчүлөр бардык коомдук транспортто ташуулардын ошондой эле шарттарын пайдалана алышат.

Бишкек шаарынын экологияынын көйгөйлөрү – кайра түзүүлөргө старт

 Биз шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүдө курулай убадаларды берүүдөн алыспыз, бирок биз экологиялык көйгөйлөрдү комплекстүү, этаптар боюнча жана системалуу чечүү жолдорун сунуштайбыз. Биз бул көйгөйдү чечүүдө башка механизмдерден эч айырмаланбайбыз, бирок Бишкек мэриясынын иш-аракеттеринин так алгоритмин көрүп турабыз.

Анткени биз кыска убакыт аралыгында ири финансылык каражаттарды сала албайбыз, андыктан биз энергиянын атаандаш булактарына өтүүгө стимул берүүнү сунуштайбыз. Бак-дарактарды тигүүгө стимул берүү, жашыл экономикага стимул берүү, автотранспортту газга өткөрүүгө стимул берүүнү колдойбуз. Башкача айтканда, экологиялык кырдаалды жакшыртууга көмөктөшө турган жактарга салыктык азайтууларды, муниципалдык кызмат көрсөтүүдө, Турак жай коммуналдык чарба системасындагы төлөмдөрдү төлөөдө арзандатууларды сунуштайбыз. Мындан тышкары, партия «Жашыл Бишкек» өзүнчө долбоорун алып чыгат – бул биз чындап жүзөгө ашыра ала турган чыныгы кадамдарды белгилеп жаза турган документ болот. 

 

Бишкек инвестициялар шаары

 Инвестор үчүн үч шарт керек:

  1. Коопсуздук;
  2. Туруктуулук;
  3. Ачыктык.

 Партиялаштардын жана шаардыктардын пикири боюнча, биз Бишкек шаарынын артыкчылыктуу инвестициялык багыттарынын 7 багытын аныктадык:

  1. «Кыргызстан Борбордук Азиянын Борбору» долбоору;
  2. Медициналык туризм;
  3. Информациялык технологиялар жана интернет долбоорлор;
  4. Жогорку технологиялардын инновациялары;
  5. Билим берүү;
  6. Текстилдик өнөр жай;
  7. Фармацевтикалык өнөр жай.

Партия Бишкек шаарынын мэриясынын инвестор үчүн атаандаштык шарттарында коопсуздукту, туруктуулукту жана ачыктыкты камсыздоо боюнча ишмердүүлүгүн бардык талаптарды сактоо менен камсыздайт. Шаар калкынын назарына шаар үчүн 100 бизнес долбоор чыгарылат жана түз инвестициялар үчүн Европа өлкөлөрү, Россия жана башка өлкөлөр башкы багыт болуп калмакчы.

Биздин партия Креативдүү экономиканын моделин жактайт жана аны өнүктүрүүнү сунуштайт (адам капиталы, интеллектуалдык ишмердүүлүк, айти технологиялар, программалоо, маданият), анткени Креативдик экономика акыркы жылдары дүйнөлүк экономиканын алда канча динамикалуу өнүккөн сектору болуп саналат. Ушул багыт Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек шаарында абдан жогорку өнүгүү дараметине ээ болуп турат.

Бишкек шаарынын сарамжалдуу бюджет

 Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешесинин жалпы көлөмү 2021-жыл үчүн 10 миллиард 230 миллион 993,6 миң сом өлчөмүндө болжолдонгон. Анын чоң бөлүгү - 5 миллиард 586 миллион 747,1 миң сом социалдык тармакка багытталат.

Бишкек шаардык кеңешинин шаар бюджетин бөлүштүрүү жана бекитүүдөгү ролу негиз болуучу мааниге ээ, ушуга байланыштуу интернет тармагындагы көпчүлүктүн назарында турган маалыматтардын негизинде биз шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө болжолдуу түрдө сереп салып көрдүк, бул чыныгы кырдаалды көрсөттү. Мисалы Шопоков көчөсүндөгү муниципалдык унаа токтотуу орундарын пайдалануу таптакыр сарамжалдуу жүргүзүлбөйт, себеби ал орундар 2 млн сомго берилет, ошол эле учурда унаа токтотуу орундары 80 млн сомдук киреше алып келет. Мындан тышкары, муниципалдык сатып алуулар дагы коррупциялык тобокелдиктерге кабылган, киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыгаша бөлүгүн азайтуу - бюджеттик процессти толук кайра карап чыгуу шартында жыл сайын 20-25% өсүштү көрсөтөт.

Биз муниципалдык мүлк боюнча бирдиктүү ачык базаны ишке киргизүүнү сунуштайбыз, бул ар бир жаранга муниципалдык менчик кандай пайдаланылып жатканына байкоо салууга мүмкүндүк берет. 

Андан тышкары, партия калк үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетин пайдалануунун ачыктыгын камсыздоо максатында, мэриянын интерактивдүү эсебин киргизүүнү сунуштайт.

 

«Столица» саясий партиясынын төрагасы                          Саккараев Р.З.