Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясы

“Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын программасы

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДССУ): ден соолук – бул адам баласынын оорусунун жоктугу гана эмес, анын физикалык жактан да, социалдык жактан да, жан дүйнө жагынан да толук кандуу саламат болгон абалы. Социалдык саламаттык – адам баласынын жашоосунда анын олуттуу кызыкчылыктары менен байланышкан эң жогорку социалдык баалуулук. Биздин партия – бул “Адам адамга – дос, жолдош жана тууган” ураанын туу тутуу менен элге сүйүүну кайрып берүүнү каалаган элдин партиясы. Баардык нерсе эл үчүн – биз алардын кызматындабыз.

       Биздин тизмеде бай соодагер көпөстөр жок. Биздин кандидаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана анын аппаратында иштеген бай тажрыйбалуу социалдык тармактын кызматкерлери, даарыгерлер, анан албетте жөн гана мыкты адамдар, ал эми бул кесипкөйлүктө эң маанилүү. “Улуулуктун наркы – бул жоопкерчиликтүүлүктө” – деген У.Черчиль. Кадрлар баарын чечет, арийне депутаттыкка талапкерлердин тизмесин жалаң жоопкерчиликтүү, сабаттуу, иш тажрыйбага бай жана чынчыл адамдар толуктамакчы.  

       Биринчи даражадагы милдет – Бишкек шаарын жана шаар тургундарын сактап калуу, анткени чаң, түтүн, бензиндин түтүнү шаардыктардын саламаттыгына өтө зыян. Баардык шаардыктар өпкө оорулары боюнча тобокелдиктер тобунда десек болот. Бишкек шаарында милдеттүү түрдө тазалыкты жөнгө салыш керек жана аны жашылдандыруу шарт. Баардык шаар тургундарын өпкө оорулары боюнча текшерүүдөн өткөрүү, эгер паталогиялык учурлар катталган болсо бекер дарылоо кажет.

  1. Короновирус оорусу менен жабыркаган шаар тургундарына компенсация төлөө.
  2. Шаар тургундарынын балдарын жана пенсионерлерди бекер текшерүүдөн өткөрүү жана дарылоо.
  3. Шаардык пенсионерлерге атайын поликлиника жана стационар куруу.
  4. Бала бакчаларды жана мектептерди ар жылы милдеттүү түрдө медициналык көзөмөлдөн өткөрүү.
  5. Шаар тургундарына пенсияны жана жашы жете элек балдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чекетелген адамдарга социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү.