Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Күч биримдикте" социал-саясий партиясы" Саясий партиясы

КҮЧ БИРИМДИКТЕ” СОЦИАЛДЫК САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН КЫСКАЧА ПРОГРАММАСЫ

“Күч Биримдикте” социалдык саясий партиясы ѳлкѳбүздѳгү социалдык багытта иш алып барган саясий уюм. Ал эми партиянын катары демилгелүү  жаштар, тажрыйбалуу, кесипкөй инсандар, өз ишинин мыктылары-билимдүү адистерден  – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштардан турат.

Бизди жашыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай - борбор калаабызды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу, коопсуз, заманбап гүлдөгөн калаага айландырабыз деген негизги максатыбыз бириктирди. Анткени, биздин партиянын талапкерлеринде саясий ишмердик жана ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйба бар.

Биз, коопсуздукту, экономикалык, туруктуулукту камсыз кылууга, социалдык коргоого, адам укуктарын сыйлоого багытталган мыйзамдарды көтөрүп чыгууга жана биз башка өлкөлөр борбор калаабызга суктангандай ал эми жарандарыбыз борборубуз Бишкек шаары менен сыймыктангыдай шарт түзүүгө умтулабыз.

Калктын саламаттыгы, жаштардын татыктуу билим алуусу экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү, медициналык камсыздоого жетишүү, шаардын бюджетинин түзүмүн, экономикалык-социалдык саясаттын негизинде тактап айтканда  пенсионерлердин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-турмушун жакшыртууга багытоо биздин негизги милдеттердин бири.

Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана демилгелүү жаштар иштешүүгө даярбыз! Анткени, «Күч Биримдикте» – бул өнүккөн заманбап Бишкек шаарын көргүсү келген ар бир жараныбыздын партиясы.

Терең урматтоо менен,

Күч Биримдикте” социалдык саясий партиясы