Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Туран" Демократиялык партиясы" саясий партиясы

«Tуран ДП» саясий партиясынын программасында борбор калааны инфратүзүмү өнүккөн заманбап шаарга айлантууга багытталган ири стратегиялык долбоорлор, жаңычыл идеялар жана демилгелер камтылган.                                                                 Программанын өзгөчө багыттары:

1.Шаардын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана көрктөндүрүү.

1.1.Бишкекти өнүктүрүү, инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди камтыган «Биздин Бишкек 2021-2026» бирдиктүү стратегияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. 1.2. Шаардын балансында турган муниципалдык объектилерге аудит жүргүзүү. 1.3. Шаардык башкаруунун бирдиктүү системасын реформалоо жана түзүү. 1.4. Жеке жактарга, компанияларга жер тилкелерин берүү боюнча бардык келишимдерди кайра карап чыгуу.

  1. 2. Борбордун экологиялык кырдаалын жакшыртуу.

2.1. Бак-дарактардын санын шаардыктар үчүн 21 м2 өлчөмүндө көбөйтүү. 2.2. Шаардын ботаникалык багын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу реконструкциялоо жана ишке киргизүү. 2.3. Кыртыштын эрозиясын кыскартуу үчүн бир жылдык, көп жылдык өсүмдүктөрдү тигүү. 2.4. Таштандыларды утилизация кылууда жеке секторго көзөмөлдү күчөтүү.
3. Коомдук транспорт системасын реформалоо.

3.1. Маршрут линияларын газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштыруу, жылына 200 автобуска чейин. 3.2. Коомдук транспортту тейлөөчү муниципалдык МТК түзүү. 3.3. Маршруттук таксилердин санын 3000ден 1500ге чейин кыскартуу. 3.4. Маршруттук таксилерди борбордук линиялардан шаардын четине которуу. 3.5 Жеке компаниялардын лицензияларын жокко чыгаруу жана муниципалдык маршрут линияларын түзүү.

  1. 4. Жаңы конуштар менен турак жай массивдеринин көйгөйлөрүн чечүү.

4.1 Талаш жер тилкелерин каттоодогу көйгөйдү администрациялык принцип менен чечүүчү жумушчу топ түзүү. 4.2 Жаңы конуштардагы коммуникация көйгөйлөрүн (жарык, суу, газ) чечүү маселелерин персоналдаштыруу. 4.3 Жаңы конуштарда соц.кызматтар боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууда бирдиктүү базаны жана ведомстволорго караштуу муниципалдык кызматтардын мобилдик топторун түзүү.

  1. Шаардын бюджетин эффективдүү пайдалануу үчүн айкын аудит системасын орнотуу.

5.1. Салыктык чегерүүлөр үчүн шаардык бирдиктүү онлайн базаны түзүү. 5.2 Шаардын салык кызматын реструктуризациялоо, кызматкерлердин санын кыскартуу. 5.3 «Салык кызматынын кыдыруу көзөмөлү» практикасын толук жокко чыгаруу. 5.4 Шаардык бюджетти онлайн салыктык чегерүүлөр системасын түзүүнүн эсебинен көбөйтүү.