Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы

 “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынын

шаарларды өнүктүрүү “Жаратмандар жолу”программасы

 Эгемендүүлүккө жетишкен күндөн тарта Кыргызстан эркин экономика жана демократия өнүгүү жолун тандаган.

Эркин экономиканын шарттары шаар калкынын өсүшүнө, ички жана тышкы миграциянын көлөмүнүн жогорулашына алып келди.

Бишкек шаарынын тегерегинде 47 жаңы конуш пайда болду.

Шаар калкынын санынын кескин түрдө өсүшү бир катар маселелерди жаратты. Алар:

  1. Инфраструктуралык маселелер. Суу, электр тогу, канализация, жолдор, транспорт, мектеп, медициналык жактан калкты тейлөөнүн жетишсиздиги.
  2. Шаар курулуш маселелери. Бишкек шаарынын генералдык планынын жоктугу, жер тилкелеринин трансформациясы, документтер менен камсыз кылуу жана мыйзамдаштыруу.
  3. Экологиялык маселелер. Транспорттун санынын көбөйүшү, таштандыларды кайра иштетүүнүн жоктугу, дарактарды кыюу, парктардын кыскарышы, жашылдандыруунун туура жолго коюлбагандыгы.
  4. Коопсуздуктун маселелери. Жол кыймылын уюштуруу, ага ылайык инфраструктуранын жетишсиздиги. Шаардын түнкү мезгилде жарык менен камсыздоо. Кылмыштуулуктун өсүшү.
  5. Коомдук пайдалуу эмгек жана бош убакытты өткөрүүнүн маселелери. Массалык спорт, маданий иш-чаралардын аздыгы. Шаардыктардын бош убактысын уюштуруу туура жолго коюлган эмес.
  6. Социалдык жактан коргоого муктаж болгон шаардыктардын маселеси. Жалгыз бой пенсионерлер, майыптыгы бар жарандар үчүн жардам көрсөтүү туура жолго коюлган эмес.
  7. Шаардык маданияттын маселелери. Жүрүм-турум маданияты, коомдо өзүн кандай алып жүрүү маданияты, шаарыбызга болгон мамилебиз төмөнкү деңгээлде.

 “Биздин Кыргызстан” партиясынын сунуштары:

     1. Инфраструктура. Санарип технологияларын киргизүү менен суу, канализацияны заманбап системалар менен камсыз кылуу керек. Келечекте троллейбус, автобустарды көбөйтүү зарыл. Япония, Түштүк Корея, Кытай Эл Республикасынан инвесторлорду тартса болот.

 

  1. Шаардын генералдык планын кайрадан карап, BISHKEK CITY долбоорун иштеп чыгып, Бишкек шаарына спутник болгон жаңы шаар куруу керек. Ал жерде бизнес, санарип борборлорун жайгаштырабыз. Эски шаар жана жаңы шаар деп эки бөлүктөн болот.

Жаңы конуштарды укуктук талаага толугу менен киргизип, бардык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырабыз. Маселени чечүүнүн жолу -  мамлекеттик жеке өнөктөштүк.

 

  1. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарга газ түтүктөрүн жеткирүү. Жылуулукту камсыз кылууну толугу менен газга өткөрүү кыш мезгилиндеги смогдон сактайт, аба тазарат. Таштандыларды иштеп чыгуучу завод куруу. Шаарды жашылдандырууну пландуу түрдө уюштуруу.

 

  1. Транспорттук түйүндөрдү курабыз. Шаардыктар жолдордон коопсуз өтүү үчүн көпүрөлөрдүн санын көбөйтөбүз. Жарыктандыруу ири гана көчөлөрдө эмес, бардык жерде болот. “Коопсуз шаар” долбоорунун эффективдүүлүгүн кайрадан карап чыгып, жакшыртуу керек.

 

  1. Шаардыктардын ынтымагын, биримдигин бекемдөө үчүн “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү район” деген сынактарды дайыма өткөрүп туруу керек. Шаардыктардын бош убактысын өткөрүү үчүн спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу зарыл.

 

  1. Шаарда эл аралык талапка жооп берген спорт шаарчасынын курулушу пландалган. Ал жерде мелдештер өтүп турат. Келечектеги чемпиондор тарбияланат. Бул долбоорго бизнесте ийгиликке жетишкен мекендештерибизди жана башка чет элдик инвесторлорду тартуу зарыл. Негизгиси - аларга укуктук кепилдиктерди түзүп берүү.

 

 

 

  1. Социалдык коргоо. Азык-түлүк дүкөндөрүндө коомчулук, бизнес чөйрөсүнүн колдоосу менен социалдык жактан аз камсыз болгон шаардыктар үчүн бекер азык-түлүк бурчтарын уюштурса болот. Майыптыгы бар адамдар үчүн шаар ичинде жеткиликтүү чөйрөнү түзүү керек.

 

  1. Шаардык муниципалдык кызматтарды дээрлик бардыгын санариптештирүүгө жетишүү. Электрондук акча төлөмдөрүн ишке ашырууну кеңейтүү керек. IT-технологияларды окутууну уюштуруу жана семинарларды өткөрүү. “Бишкек IT-технологиялар борбору” аянтчасын уюштуруу.

 

  1. Жылына Бишкек шаардык жаштар бизнес-форумун өткөрүү. Жаштар арасындагы ишкердүүлүктү колдоо, стартап бизнес долбоорлордун конкурстарын өткөрүп, жаштардын потенциалын ишке ашыруу.

 

  1. Шаарда өзүн алып жүрүү маданияты. Тазалыкты сактоо, айланага аяр мамиле жасоо. Коомдук жайларга үйүбүзгө кандай мамиле кылсак, ошондой мамиле жасаганда гана баары өзгөрөт.

 

Өзгөрүүнү биз менен башта! Сен өзгөрсөң, мен өзгөрсөм - коом өзгөрөт!

 

Биздин жол - жаратмандар жолу!

 

“Биздин Кыргызстан” менен заманбап Бишкекти курабыз!