Шаардык кеңештердин тизмеси > Кара-Суу шаардык кеңеши > "Эл Үмүтү социал-саясий партиясы" саясий партиясы

«Эл Үмүтү» социалдык-саясий партиясынын шайлоо алдындагы платформасы

«Эл Үмүтү» социалдык-саясийпартиясы пандемия мезгилинде жарандарга жардам берүү максатында бириккен активдүү кыргызстандык жаштар тарабынан түзүлгөн. Партиянын максаты – Кара-Суу шаардык Кеңешке азыркы учурду жана келечекти көрө билген заманбап адамдарды, ишбилги, сабаттуу жаш кыргызстандыктарды алып келүү. 

Биздин артыкчылыктуу саясий багыттарыбыз:

  • Ар бир кабыл алынган саясий чечимдержарандардын материалдык жыргалчылыгын коргоп, адамдарга реалдуу пайда алып келүүгөтийиш;
  • Коалициялык компромисстерден саясий принципиалдуулук жогору турушу керек. Биз парламентте коомчулукту кеңири кабардар кылуу менен көз карандысыз терең талдоолорго таянып, натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишин жүргүзөбүз;
  • Улуттук кызыкчылыкты коргогон мыйзамдардын артыкчылыктуу багыттарын эл аралык деңгээлде калыбына келтирүү жана Кыргызстандагы кен байлыктар тармагындаиштеп жаткан чет элдик компанияларга талаптарды жогорулатуу;
  • Экономикада мамлекет менен ишкерлердинортосундатең салмактуулукка жетишүү. Мамлекет экономиканын стратегиялык тармактарына көбүрөөк көңүл бөлүп, орто жана кичи ишкерчиликке азыраак кийлигишүүгө тийиш. Бардык жарандардын ренталык кирешедеги жеке үлүшүнө болгон укугун ишке ашыруу;
  • Биз адамдарды өнүктүрүүнү жана кыргыз үй-бүлөсүнбекемдөөнү көздөгөн, буга тоскоолдук жаратпай,мүмкүнчүлүк түзгөн социалдык мамлекеттин болушун жактайбыз;
  • Үй-бүлөлүк зомбулукка, никеге мажбурлоого жана башка эскичил мүнөздөгү көрүнүштөргө карата келишпестикти камсыз кылган гендердик теңчиликти жана маданий модернизацияны колдойбуз;
  • Билим берүү тармагын каржылоону эки эсеге көбөйтүү жана Кыргызстандагыжаштар жаңы, санариптик дүйнөдө өз жөндөмүн ишке ашыруусу үчүн заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү орто жана ортокесиптик билим берүү тармагын түзүү;
  • Саламаттыкты сактоонун жеткиликтүү, туруктуу системасын калыптандыруу;
  • Жаратылышты коргоо чөйрөсүнө жана экологиялык жоопкерчиликке багытталган жогорку стандарттагымамлекеттик саясатты иштеп чыгуу мененбул багыттагы мыйзамдардыжакшыртууга жетишүү;
  • Аймактардагы экономикалык демилгелердин көз карандысыздыгын жана бюджетин камсыз кылуу менен аларды ырааттуу жана тең салмактуу өнүктүрүү.

Партиянын тизмесине 49 талапкер киргизилген. Партия жамааттык колдоо жана партиялык кызматташуу идеясын кармангандыктан,бир лидерди бөлүп көрсөтпөйт. Шайлоочу тизмеден өзү каалаган талапкерди тандап алып, анын таржымалы менен тааныша алат жана ага партиянын сайты же соцтармактардагы баракчалары аркылуу өз суроолорун бере алат.

«Үмүт – Аракетте»/Надежда – в действии