Камчыбекова Гулзат Булутбековна

Мен Камчыбекова Гүлзат Булутбековна 1976-жылы 26-июнда Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылында кызматкердин үй бүлөсундө төрөлгөм. Атам Камчыбеков Булутбек мугалим. Апам Маматоморова Роба мугалим.  Жети бир тууганмын.1983-жылы 1-класска “Агартуу” орто мектебине кирип, 1991-жылы 10-классты бүтүргөм. Ошол жылы Жалал-Абад зооветеренардык техникумдун,  техник-технолог адистигине тапшырып, 1996-жылы аталган окуу жайды аяктагам.1996-жылы сырттан И. Арабаев Университетинин башталгыч класс мугалим адистигине тапшырып , 2000-жылы аяктадым. Алгач эмгек жолун 1996-жылы “Агартуу” орто мектебинде өспүрүмдөр уюмунун жетекчиси. 2000-жылы  башталгыч класс мугалими. 2003-жылы тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, 2007-жылы “Бүчүр” балдар бакчасынын башчысы болуп дайындалдым.  2012-жылы Терек-Сай айылдык кеңешке депутат болуп шайлангам.  Азыркы учурда балдар бакчасында жетекчи болуп эмгектенип келе  жатам. Үй бүлөлүүмүн. 1 уул, 1кыздын сүйүктуу энесимин.