Камчыбекова Гулзат Булутбековна

  1. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамынын негизинде депутаттык иштерди алып баруу. Шайлоочулар менен ар бир кварталда жолугушуу өткөрүү менен алардын сын пикирлерин,сунуш талаптарын жазуу жүзүндө тиешелүү мекеме уюмдарга жеткирип аткарылышын талап кылуу.
  2. Айылдык кеңештин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алуу.
  3. Кызыл-Токой айылындагы курулуп жаткан турак-жай жана башка имараттардын жерлерин трансформациялоо боюнча мыйзамдуулугун кароону,  айылдык кеңештин сессиясына алып чыгуу, жана аткаруу бийлигине аткартууга жетишүү.
  4. Терек -Сай айыл аймагынын кабыл алынган , жана кеңештин сессиясында жактырылган социалдык-экономикалык програмасынын Кызыл-Токой айылы боюнча аткарылышын талап кылып көзөмөлгө алуу.
  5. Кызыл-Токой айылынын инфраструктурасын көтөрүү боюнча иш алып баруу. (таштанды таштоочу яшиктерди жасатуу, ички көчөлөрдү жарыктандырууну жана айыл ичиндеги электр чубалгыларын столболарду ондоо ж.б)
  6. Мектеп жана бала бакчалардын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн долбоорлорду түзүп ,кеңештин бюджет жана финансы комиссиясына сунуш кылып , акча каражаттарын бөлдүрүүгө жетишүү.
  7. Айылдын келечеги үчүн кайра иштетүү ишканаларын ачуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жардам берүү менен сессиянын кун тартибине алып чыгуу жана ишке ашырууга көмөктөшүү.
  8. Жергиликтүү кеңештердин , өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу.