Шаардык кеңештердин тизмеси > Кара-Балта шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы: “Ыйман Нуру” АӨСП.

ИН: 02706201210121.

 ЮЖБР кирүү датасы: 27.06.2012-ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү: Партиянын уюштуручуларынын жалпы чечими.

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2012-ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 7.

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Партиянын саясий кенеши.

Байланыш маалыматтары.

Дареги: Бишкек шаары, Ак-Өргө конушу, Кырк Чоро көчөсү, 228-үй.

Байланыш телефону: 0558 49-49-09.

Коомдук кабылдама: Бишкек шаары.

Интернеттеги байланыш тармактары: nuriman.info@gmail.com

Расмий сайт: nuriman.by.kg

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны): Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында төрөлгөн. Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында Алмаз Субанов атындагы мектепти аяктаган.
АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.

Эмгек жолу:

  • 1999 – 2005 — Ош мамлекеттик университети, юридикалык факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген;
  • 2001 – 2002 — Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис;
  • 2002 – 2003 — Ош мамлекеттик университетинде юрист;
  • 2004 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси;
  • 2005 – 08.2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис;
  • 2005 – 11.2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2005 - 2007 — КР тышкы иштер министринин маалымат катчысы;
  • 2009 – 2010 — КР президентинин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти;
  • 2010 – 04.2010 — КР президентинин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти;
  • 2011 – 08.2011 — Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу;
  • 2012 – 2013 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2013 – 2015 — КР президентинин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — 03.2019 — "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы;
  • 2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.
  • 2020-жылдын октябрынан тарта маданият, маалымат жана туризм министри.