Шаардык кеңештердин тизмеси > Кара-Балта шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Саясий партиянын программасы (баяндоо): “Ыймандуу бийлик- берекелүү жашоо”

  1. Пенсионерлерди социалдык жактан коргоп, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жакыр жашагандарга социалдык колдоо көрсөтүү чоң мааниге ээ. Жарандардын социалдык актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын программасында кеңири каралган. Ошону менен катар калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө бир катар жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну пландап жатышат.
  2. Кара-Балта шаарынын аба катмарынын булгануу деңгээли критикалык деңгээлге жакындап, шаар тургундары үчүн кооптуу кырдаалды жаратып жатканы баарыбызга малым. Бул көйгөйдү чечүү үчүн «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы бир катар иш-аракеттерди пландап, Кара-Балта шаарынын экологиялык абалын өзгөртүү боюнча натыйжалуу чечимдерди партиянын программасына киргизишкен.
  3. Кара-Балта шаарындагы көптөгөн медициналык мекемелер толугу менен жаңылоого жана модернизациялоого муктаж экендигин баарыбыз билебиз. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын программасында жарандарга каржылык деңгээлине карабастан, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү, дарылоонун жаңы технологияларынын киргизүү боюнча кеңири каралган.
  4. Жолдорду оңдоп-түздөө иштериндеги коррупциялык схемалар шаарыбыздагы орчундуу көйгөйлөрдөн экени баарыбызга белгилуу. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы дал ушул коррупцияны жоюу, жолдорду сапаттуу оңдоо жана жаңы линияларды куруу менен жарандардын ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу үчүн атайын программаларды даярдашууда.
  5. Жаш муунга татыктуу билим берүү шаарыбыздын келечеги үчүн маанилүү. Технологиялардын өнүккөн заманындагы тез өзгөрүүлөрду эске алып, жаштардын жаңыча шартта билим алуусуна шарт түзүп, жаны нерселерге үйрөтүү зарыл. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү  партиясынын программасында билим алып жаткан балдардын билим деңгээлин көтөрүү жана өспүрүмдөрдүн арасында спортту өнүктурүү биринчи кезектеги милдет болуп саналат.
  6. Кара-Балта шаарында эс алуу жайлары жана сейил бактар жетишсиз. Маданиятты, эс алууну жана туризмди өнүктүрүү үчүн шаардын тарыхый жана маданий жагымдуулугун түзүп, маданий мурастарды реконструкциялоо, шаардын архитектурасын өнуктүрүү сыяктуу бир катар иш-аракеттер пландалууда.
  7. Кара-Балта шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бирдиктүү реестрин түзүп, майыптар үчүн инфраструктураны жакшыртып, атайын инклюзивдик билим берүүнү камсыз кылуу негизги максаттардын бири.