Изаев Бактыяр Акматович

Депутаттык программасы:

    Мен Изаев Бактыяр кудай буюруп Шекер айылдык кеңешине депутат болуп калсам, айыл үчүн кызмат кылууга даярбыз. Көп жылдан бери жараксыз болуп турган эски мектептин ордуна жаштарга спорт комплекс жана кошумча окуу классын ачу  маселесин колго алабыз. Балдар бакчасы эки тайпага батпагандыгына байланыштуу кошумча корпус ачууга аракет кылабыз. Жаңы конуштардын жолдорун оңдоого жана свет, сууларын киргизүүгө жардам беребиз. Жаштар ойной турган аянтчаны курууга салымыбызды кошобуз.