Садыркул уулу Жакшылык

Депутаттык программасы:

1. Айылдык кеңештин депуттатыгына аттанып жатып айылдын койгойлорун экономикабыздын кунгойу менен тескейин кем карч, маселелерди ойлондум. Айылыбыздын экономикалык маданий осуш мамлекетибизге болгон салым деп тушуном. Демек айыл учун тер тогуп эмгектенуу, онуктуру ар бир атулдун милдети. Айылыбызыдн шарты жаман эмес бирок аткарылбай чечилбек келген дагы маселелер жок эмес. Онугууго карай кадам таштоо мезгил талабы болуп турган чакта, баш айланткан ылдамдык менен ёсщп жаткан заманбап технологиялар заманында, огуз олбо, араба сынба болуп кыбырап журсок мезгилден артта каларыбыз турган иш. Эгер мени эл колдоп шайланып калсам щч багытта иш алып баргым келет.

2. Экономикабыздын күрөө тамыры болгон ички жолдорубуздун абалы ондоп тузоо иштери талапка жооп бергидей деңгээлде калыбына келтирүү, жана зарыл жерлерге жанысын орнотуу. Жана ошондой эле таза суу тутукторун аварияга көбүрөөк учурай баштаганынан улам, солгун жерлерин көзөмөлгө алып иштегендерге көмөк көрсөтүү.

3. Жаңы түзүлүп жаткан көчөлөрдүн шарттарынын жакшырышына жардам берүү. Электр чубалгыларын тартуу трансформаторлорду орноту элди жарык менен камсыз кылуу.

4. Маданий эл агартуучулук жана спорттук маселелердин деңгээлин көтөрүү. Маданий ишибиз азыркы учурда талапка жооп бере албаганына анчалык көңүл  жубатаарлык эместигин өкүндүрөт.

   Кандайдыр бир көлөмдүүрөөк акча бөлүнсө биринчи иретте ушуга коңул  бурам. Ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө  музыкалык жабдулардын жоктугу кимди болбосун ойлондурбай койбойт. Окуучуларыбызга аркандай аспаптарды үйрөтүү кружоктор ачылса жакшы болмок. Спорт жагын өздөштүрсөк, шарттарын жакшыртсак балдардын дени сак болушуна оболго түзүлмөк.

5. Экономиканы көтөрүү жана айрым мүчүлүктөр баарыбыз билгендей эле бүтпөгөн жумуш чечилбеген көйгөй, керектүүлөрдүн баардыгы акча каражатына келип такалат.