Джундубаева Гүлзина Набатовна

Депутаттык программасы:

Мен, Джундубаева Гулзийна Набатовна 2023-жылдын 9-апрелинде өтө турган жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна, Шекер айылдык аймактык Кенешинин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатып, алдыга төмөндөгүдөй иш аракеттерди аткаруу милдетин коюп жатам:

  1. Жеке ишкер катары кыздын себи “Элим” аттуу тигүүчү цехин чоңойтуп, колунан иш келген үч, төрт айымга жумуш оруну менен камсыз кылсам дейм.
  2. Айыл аймагындагы аярлуу катмардагы айылдын тургундарына жакындан жардам берүү, алардын жашоо шарттарын оңдоо, максаттарына жараша иш алып баруу.
  3. Айылдын оңдоо түзөө жумуштарына жана айыл өкмөттүн иш алып баруусуна жардам берүү, жаштар менен бирге айылды өнүктүрүү, коомдук иштерге активдүү катышуу менен айыл аймагынын өнүгүшү үчүн өз салымымды кошуу.
  4. Айыл аймагындагы майып балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө колумдан келген жардамымды берүү.
  5. Негизиг ойлогон оюм, айыл аймагындагы аял затынын чечилбеген көйгөйлөрүн чечүүгө жакындан жардам берүү.