Ниязбекова Рыскул Жайлообековна

Депутаттык программасы:

Айылдык инфраструктурасын оңдоо түзөө, өкмөтүн иш алып баруусуна жардам берүү, жаштар менен бирге айылды өнүктүрүү, коомдук иштерге активдүү катышуу менен айыл аймагынын өнүгүшү үчүн өз салымымды кошуу.

            Айыл өкмөт жетекчилери менен биргеликте Шекер айылындагы билим тармагы болгон мектеп, бала бакчада тарбияланып окуп билим алып жаткан, биздин эртеңки келечегибиз болгон жаш муундарга заманбап үлгүдөгү ыңгайлуу шарттарды үчүн татыктуу тарбия жана толук камдуу билим алышына болгон күч аракетимди жумшап ири проекттерди тартууну аракет кылам. Ошондой эле айылда жеке ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча ири жана чакан проекттер менен иштөөдө жаштарга колдоо көрсөтүү жана алар менен биргеликте иш алып баруу менин максатым.

            Депутаттык курам, айыл өкмөт жетекчилиги жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана биздин айылдын демилгечи топ курамдары менен биргеликте айыл аймагындагы ар бир алдыга кюолган иш аракеттерди ынтымак менен өз убагында туура жана так аткаруу максатында мүнкүнчүлүгүмдүн жетишинче аракет кылуу үчүн жергиликтүү

Кеңешине өз талапкердигимди койдум.