Таштаналиев Анарбай Алишевич

Депутаттык программасы:

     Шекер айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары, өзүмдүн   алдын ала иштөө программам менен тааныштырып кетсем.

Бүт дүйнө жүзүнө таанылуу Чыңгыз атабыздын 95 жылдык 100 жылдык мааракелерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жана 2-3 жылдан бери токтоп калган “Чыңгыз Ордо” комплексинин ишин улантып   100 жылдык юбилейге чейин бүткөрүүгө көмөк   көрсөтүүгө, Долбоор   жазуу менен инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү табуу.

Биздин айылда эң чоң көйгөйлүү маселе жаш үй - бүлөлөргө там салуу үчүн жер тилкеси жок кезеке тургандар көп. Өзүмдүн адистигим жерге жайгаштыруучу техник катары бул маселени чечүүгө бар күчүмдү жумшайм. Айылдын архитектуралык   планы менен иштейм.

Мурда 2021-жылы мектептеги мугалим кыздардын жардамы менен   Ага Хан фондусуна долбоор жазуу менен 8 компютер 1 принтер алып келгенбиз Т.Айтматов орто мектебине. Эми кезекте долбоор жазуу менен мектептин бардык мебелдерин жаңыртууга көмөк көрсөтөм.

Жана башка айылдын ичиндеги көп маселелерин чечүүнүн үстүндө Жаңы конуштарга, айылга газ, таза суу, жол оңдоо жана эң көйгөйлүү  маселесинчечүүнүн үстүндө иштейм.

Эки үч жылдан бери токтоп калган,айыл тургундары эс алуу үчүн курулуп   жаткан парктын,балдар ойноочу аянчаларын курууну долбоор жазуу менен демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүткөрүүнүн үстүндө иштейм.