Алымбекова Сейнеп Ергешбаевна

Депутаттык программасы:

    Мен Алымбекова Сейнеп Ергешбаевна 1966-жылы 2-февралда Бейшеке айыл аймагына караштуу Кара-Буура айылында төрөлүп,жашап , жалпы билим берүү тармагында иштеп келе жатам.Бүгүнкү күнү Бейшеке айыл өкмөтүнүн шайлоо округуна караштуу Кара-Буура №6046 шайлоо участкасынан  жергиликтүү кеңештин депутаттыгына кандидатурамды коюп жатам. Максатым өкмөт менен жергиликтүү калктын ортосунда көпүрөлүк милдетти аткаруу.

     Замандын талабына ылайык Бейшеке айыл аймагынын жана Кара-Буура айылынын өсүп өнүгүүсүнө жакындан салымымды кошкум келет.Бюджетти туура, максаттуу бөлүштүрүүгө көзөмөл жүргүзүүгө, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүдө тийиштүү өлчөмдө каражат өндүрүүгө , жалпы айыл тургундарынын  кызыкчылыгын,социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенем.Дыйкандар үчүн  суугат иштерин жакшыртуу максатында каналдарды жана ички арыктарды  тазалоону,малчылар үчүн жайытка баруучу жолдордун абалын жакшыртууга жооптуу адамдардын ишине көзөмөл жүргүзөм. Мамлекетибиздин келечеги жаштар болгондуктан татыктуу билим-тарбия алыш үчүн бала бакчанын, мектептин материалдык базасын чыңдоо үчүн инвестиция тартууга,долбоорлор менен иш алып барууга аракет жасайм.