Суйоркулова Назира Узенбековна

Депутаттык программасы:

   Менин болочок депутаттык принцибим :Мыйзамдуулук,социалдык адилеттүүлүк жана ачык-айкындык.

    Бакыян айылдык аймагынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өсүп-өнүгүшүнө, айыл жашоочуларынын социалдык бакубатчылыгын жогорулатууга коомчулук жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып баруу.

-  Өнүгүү чөйрөлөрү болгон: маданият,билим -тарбия берүү,элдик көркөм    чыгармачылыкты өнүктүрүү, коопсуздук ,тарыхий-маданий мурастарды коргоо,  ден соолукту чыңдоо жана массалык спортту,чакан ишкерликти жана бизнестин өнүгүшүнө шарттарды түзүү. (Бул багытта  Бакыян айылына бала-бакча, балдарга кошумча билим берүү жана өнүктүрүү борборун,балдар үчүн оюн жана эс  алуу аянтчасын, жаштар борборун уюштуруу)

-  Ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болууну жана ички жолдорду оңдоо  боюнча иш алып баруу.

- Айыл аймакта жашаган жаш үй-бүлөлөргө,шарты оор,аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жана алардын балдарын камкордукка алуу .

- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чараларын көрүү.

- “Таза жана жашыл айыл” урааны алдында иш алып баруу.