Сатыбалдиев Арстанбек Абдыалимович

Депутаттык программасы:

1.  Бакыян айыл аймагынын калктуу конуштарында инфраструктураны жакшыртуудагы жергиликтүү маанидеги иш алып барууда айыл өкмөт жетекчилери менен биргеликте аткарылуучу иштерге активдүү катышуу менен, аларга колдон келген жардамымды көрсөтүү.

  1. Айыл аймагы чегиндеги аярлуу катмардагы тургундарга жакындан көңүл бөлүү менен жардам берүү, алардын жашоо шарттарын оңдоо максатында (спорт тармагы, жөлөк пул, турак жай, жер аянтын алуу, сугат суусу ж.б.) тиешелүү иш аракеттерди аткаруу.
  2. Бакыян айылынын жана айыл өкмөтүнүн карамагына караштуу мектеп , бала бакчаларына бак-дарактарды отургузуу жана жашылдандыруу, (жаш көчөт). Айылдын ичиндеги үй тиричилигинен чыккан таштандыларды жума сайын техника менен чыгаруу. Келишим негизинде (эки тараптуу).
  3. Айылдык инфраструктурасын оңдоо түзөө, өкмөтүн иш алып баруусуна жардам берүү, жаштар менен бирге айылды өнүктүрүү, коомдук иштерге активдүү катышуу менен айыл аймагынын өнүгүшү үчүн өз салымымды кошуу.
  4. Айыл өкмөт жетекчилери менен биргеликте Бакыян айылындагы билим тармагы болгон мектеп, бала бакчада тарбияланып окуп билим  алып жаткан, биздин эртеңки келечегибиз болгон жаш муундарга заманбап үлгүдөгү ыңгайлуу шарттарды үчүн татыктуу тарбия жана толук камдуу билим  алышына болгон күч аракетимди жумшап ири проекттерди тартууну аракет кылам. Ошондой эле айылда жеке ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча ири жана чакан проекттер менен иштөөдө жаштарга колдоо көрсөтүү жана алар менен биргеликте иш алып баруу менин максатым.