Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Жаңы күч - Новая сила" саясий партиясы

Кымбаттуу Бишкек шаарынын тургундары!

  1. Бишкек – “жашыл жана экологиялык аянтчаларынын” борбору!
  • Бишкек аллея жана бульварлардан «жашыл» торчо жамынышы зарыл. Ар бир райондун 30%ы жашыл аймактарга ажыратылышы керек.
  • Ала-Арча, Аламүдүн, БЧК дарыяларын бойлой жээк жолдорун түзүү.
  • Бишкектин жаңы конуштарын, калаага жаңыдан кошулган аймактарды газдаштырууну тездетүү.
  • Борбор калаанын экологиялык паспортун иштеп чыгуу.
  1. Бишкек – жөө жүргүнчүлөрдүн шаары!
  • Тротуарлар коопсуздук менен жайлуулуктун заманбап стандарттарына шайкеш болушу зарыл.
  • Жаңы райондорду долбоорлоодо тротуарларды милдеттүү түрдө пландаштыруу.
  • Тактилдүү плиткаларды орнотуу.
  1. Бишкек – баардыгына ыңгайлуу шаар! Өтмөктөр - транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр аралык коммуникациянын негизги бөлүгү.
  • Жөө жүргүнчүлөрдүн агымы күч болгон жерлерде жөө адамдар үчүн кошумча өтмөктөрдү түзүү зарыл.
  • Жер үстүндөгү жана астындагы өтмөктөр улгайган, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, коляска менен жүргөн жаш балалуулар үчүн ыңгайлуу пандустар менен жабдылышы керек.
  • Жөө жүргүнчү-Самокатчан-Автоунаа: булардын өз ара аракеттенүү механизимин жөнгө салабыз.
  1. Бишкек – ар бир адам үчүн ыңгайлуу кыймылдоого ылайыктуу шаар!
  • Жаңы коомдук транспорт газ же электр менен жүрүшү абзел. Максат – эки жыл ичинде 500 жаңы автобусту каттамга чыгаруу.
  • «Менин шаарым» тиркемесин жаңылап ишке киргизүү, мында бишкектиктер өз маршрутун түзүп, коомдук унаанын так жадыбалын карай алат.
  • «Мектеп автобустары» системасын киргизүү керек.
  1. Бишкек – дени сак жана активдүү адамдардын шаары, бул жерде эс алууга, спортко жана туризмге бүт шарттар түзүлгөн!
  • Шаардык спорттук программаны иштеп чыгып, мэриянын атайын порталын түзүү.
  • Партия балдар жана жаштар үчүн жаңы дене тарбиялык комплекстерди куруу демилгесин көтөрүүдө.
  • Велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү.
  1. Бишкек – өнүккөн универсалдуу райондордун шаары, баардыгы жөө каттамда жетүүчү аралыкта жайгашкан!
  • Бишкектин жаңы бөлүктөрүн интеграциялоо жана өнүктүрүү боюнча өзүнчө стратегияны иштеп чыгуу.

   транспорттук тармакты жаңылоо; коммуналдык кызматтардын инфраструктурасын толугу менен жаңылоо;

   жаңы турак-жай инфраструктурасын түзүү жана эски имараттарды, жеке үйлөрдү реконструкциялоо;

   билим берүү жана медициналык инфраструктураны өнүктүрүү;

   коомдук аянтчаларды түзүү: парктарды, спорттук жана маданий объектилерди уюштуруу;

   иш менен камсыздоону колдоо, жумуш орундарын жана ишкердикти өнүктүрүү;

   юридикалык жана административдик интеграция.