«АДИЛЕТ»

  1. Транспорттук көйгөйлөрдү чечүү: скутерлер жана электр самокаттарды колдонууну жөнгө салуу

-  Электр транспортунун эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

-  Электр транспорттору үчүн атайын токтотуучу зоналарды түзүү;

  1. Экологиялык коопсуздук: Ыш-түтүн менен күрөшүү жана шаардын айлана-чөйрөсүн жакшыртуу

-        Турак жайларды жылытуу жана газдаштырууну модернизациялоо;

-        Жашыл аймактарды өнүктүрүү;

  1. Инклюзивдик шаардык инфраструктура: мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо

-     Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү шаардык чөйрөнү түзүү;

- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдук транспортту ыңгайлаштыруу (Же болбосо коомдук транспортко толук шартта жетүүнү камсыздоо);

- Атайын социалдык адаптация программалары;

  1. Шаардык инфраструктураны реформалоо: жолдорду оңдоо жана транспорт системасын жакшыртуу

-  Маршруттардын санын көбөйтүү жана ортосундагы кыймыл аралыгын кыскартуу шаар жолдорундагы жүктү азайтат;

-  Узак программанын негизинде шаардын бардык жолдорун капиталдык ремонттон өткөрүү;

- Жогорку сапаттагы жөө жүргүнчүлөр жана коопсуз велосипед жолдорун түзүү;

  1. Шаардын инфраструктурасында энергиянын кайра жаңылануучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу:

-  Шаардык жана муниципалдык имараттар үчүн автономдуу күн станцияларын орнотуу;

 -  Шаардык коомдук транспорт үчүн күн батареялары жана көчө чырактарын коюу.