Бекмуратов Баймурат Асатович

Мен   Бекмуратов  Баймурат  Асатович,  1961-жылдын 2-сентябрында  КыргызССРинин  Ош облусунун,  Лейлек районунун  Искра   айылында  колхозчунун  үй-бүлөсүндө  туулганмын.

Атам  Бекмуратов  Асат  өмүр бою Андарак айылында  үзүрлүү  эмгектенип  өткөн.

Энем  Бекмуратова  Олоңчач  ошол эле айылда саанчы болуп  ийгиликтүү  эмгектенген.

1978-жылы Кара Суу  мектеп  интернатын  аяктап,   ошол эле жылы Фрунзе   политехникалык  институтунун,    технологиялык  факультетинин,  коомдук  тамактанууну  уюштуруу  кафедрасына  тапшыргам.  Аны 1983-жылы аяктап  жогорку  билимге  ээ  болдум.

1985-жылы Фрунзедеги  политехникалык  институтунун,  технологиялык  факультетинин, коомдук тамактанууну  уюштуруу  кафедрасынын  лаборатория  башчысы  болуп, ошол эле жылы Фрунзе шаарынын  Биринчи Май райондук комсомол комитетине  өтүп, ФПИнун  технология  факультетинин  комсомол комитетинин  секретары  болгом.  

1986-жылы  Фрунзедеги  политехникалык  институтунун,  технологиялык  факультетинин,   коомдук  тамактанууну  уюштуруу  кафедрасынын  - стажер-изилдөөчүүсү,  1987-жылы ошол  эле кафедранын  кенже  илимий  кызматкери  катарында  кесиптик  квалификациямды  жогорулаткам.

1988-жылы Военторг  241де инженер-технолог кызматында  эмгек  жолумду  баштадым.

1990-жылы кыргыз ПотребСоюзга караштуу “Кыргызкерекжараксоюзунун"                            1-категориядагы   инженер-технологу,  1991-жылы даярдоо  конторасында  товар жүргүртүүчү кызматында иштедим.

Дээрлик   1991-жылдан 2000-жылга чейин  жеке  ишмердүүлүк  менен  алектенип,  ал ортодо 1994-жылы - “Евгения” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын  директорлук  кызматын  аркаладым. 

2000-жылы Сүлүктү  шаарындагы   “Тунгуч”   акционердик  коомунун  төрагасы.

2004-жылы Лейлек  райондук  киновидеодирекциясынын   директору.

2008-жылы  “Байтүшүм”  микрокредиттик  компаниясынын  Лейлек  райондук  бөлүмүнүн кредит берүү  боюнча  адиси.

2009-жылдан 2012-жылга чейин  жеке  ишкердүүлүк  жаатында  иш  алып  бардым.

2012-жылдан 2016-жылга  чейин  Сумбула  айыл  Өкмөтүн  жетектедим.

2016-жылдан 2021-жылга чейин  Лейлекрайонунун   мамлекеттик  администрациясынын  башчысы-акими  кызматында  иштедим.

Төрт  кыз, бир  уулдун жана он эки неберенин  сүйүктүү  атасы, чон атасымын.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)