
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:
КЫРГЫЗСТАН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮНҮН БАКЫТЫ
Үй-бүлөнү колдоо жана бекемдөө – өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн ачкычы. Дал үй-бүлөдө муундардын уландысы, улууларды урматтоо, балдарга кам көрүү, бири-бирин колдоо салттары, эмгекчилдик, билимге умтулуу калыптанат. Кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн (көп балалуу, толук эмес, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды тарбиялоочу) экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн социалдык ишкердикти колдоо жана үй-бүлөлүк иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлөт.
ЖАШТАРЫБЫЗДЫН ИШЕНИМДҮҮ КЕЛЕЧЕГИ
Биз жаш элбиз. Өлкөбүздүн ар бир экинчи тургуну 30 жашка чейинкилер. Жаштарга өзүн-өзү ишке ашырууга, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышууга, билим алууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жолго салам. 2025-жылга чейин окубаган жана жумушсуз жаштардын саны учурдагыдан кескин кыскарат.
ДЕН СООЛУК ЭҢ ЧОҢ АМАНАТ
Пандемия заманбап саламаттыкты сактоонун системалык кемчиликтерин ашкереледи. Жарандарыбыздын денсоолугу – менин ишмердүүлүгүмдүн негизги артыкчылыктарынын бири. Атамекендик саламаттыкты сактоону квалификациялуу кадрлар, жаңы жабдуулар, диагностика жана дарылоо ыкмалары менен камсыз кылуу боюнча чечкиндүү чаралар керек деп эсептеймин.
ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Исфана шаары
тел.: +996770204103
Электрондук почтасы: www.bekmuratov.com
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)