Сегизбаев Мирбек Абдрахимович

Мен Сегизбаев Мирбек Абдрахимович 1981-жылы 9-майда Кыргыз Республикасына караштуу Ош облусунун   Лейлек районунун Коммуна айылында  туулганмын. 1987 – жылы  билим алуу үчүн, “Коммуна” орто мектебине  1-класска окууга барганмын. 1998-жылы  орто мектебин толук бүтүрүп, ошол эле жылы жогорку окуу жайына Баткен Мамлекеттик   Универстетине  “Сүлүктү” шаарындагы   окуу жайына тапшырып кабыл алынганмын. Сүлүтү шаарында  5-жарым жыл  окуп ийгиликтүү аяктап “Математика” адистиги боюнча  “Мугалим” квалификациясына ээ болгонмун.

Ошондой эле сырттан окугандыктан  мени 1999-жылы  эле өзүм окуган  мектепте практикамды  жана жумушумду баштаганмын. 1999-жылдан  баштап  2003-жылга чейин  талыкпай ошол мектепте   иштедим. Андан кийин үй-бүлөөлүк шартка байланыштуу   үй-бүлөө куруп өз арызым менен  жумуштан бошоп, борборубуз Бишкек шаарына келдим.Үй-бүлөөм менен чогуу  Бишкек шаарында кыйынчылыкка карабастан  көптөгөн мамлекеттик эмес  жумуштарда иштедим. Ар кимге жалданып, күнүмдүк маянага  иштеп жүрдүм.

 Себеби мамлекеттик ишканалардын берчүү маянасы  аз болгондуктан мамлекетке зыянымды тийгизбөөнү туура таптым, мен зыянымды тийгизбегеним өзү мамлекетке  пайда тийгизгеним деп   түшүнум.      

2005-жылы  революциядан кийин заманыбыз  өзгөрөт деген үмүт шооласы жанган болчу, бирок эч нерсе өзгөргөн жок жумуш  2010 – жылы кайра революция, кайра өзгөргөн жок. Ошондуктан мамлекетке зыянымды тийгизбестен  Россияга мигрант  болуп акча табууну  туура таап “Сочи” шаарына барып куруучу  болуп 1 жыл  иштеп келдим, андан келип Бишкекте айдоочулук  ишимди баштагам. 2018-жылга чейин   ОсОО “Бригада”  Фирмасында жүргүнчү  ташуучу болуп иштедим.  2018-жылы кайра Россияга барып, Москва  шаарында таксист болуп иштедим.

2018 – жылы күз айларында кайтып келип тигүүчүлүккө  аракеттенип швейный цехтерде иштедим ошол менен эми буюрса  мамлекетке кызмат кылууга даярмын.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)