Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

   Мен Сегизбаев Мирбек Абдрахимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 28-ноябрь 2021-жылы өтө турган шайлоого  кандитатурамды өзүмдү жалгыз көрсөтүү жолу менен  катталдым.

Менин келечекке  койгон программам төмөндөгүчө:

  1. Жокорку Кеңеште мыйзам чыгаруу жана кабыл алуу орган болгон-н өлкөбүздүн келечеги үчүн,  жарандарыбыздын  укуктары үчүн, соцалдык, илим-билим, эмгек, ден-соолуктары үчүн ыңгайлуу жана  өлкөнүн деңгээлин көтөрүү   максатында  мыйзам долбоорлорун демилгелеп иштеп чыгуу жана  ошол мыйзамдар  колдоо тапкан учурдан баштап көзөмөлгө  алууну максат кыламын.
  2. Өлкөбүздүн келечеги үчүн чек ара жаатында маселе көп болгондуктан, биринчи жумуш күнүмдөн тартып  жер-суу, чек-ара кодекстеринин негизинде каралбай  калган мыйзамдар  жөнүндө так мыйзам  иштеп чыгуу.
  3. Чек араны кайтарган кыргыз армиясынын статустарын карап чыгуу менен өлкөбүздүн кызыкчылыгы, армиябыздын кызыкчылыгы үчүн так даана мыйзам иштеп чыгуу.
  4. Эмгек кодексине ылайык, үйдө жеке ишкерлик кылган ишкерлерди мыйзамдаштырып, экспорттоого шарттуу мүмкүнчүлүк түзүү.
  5. Турак-жай кодексине байланыштуу өлкөдөгү баш аламан салынган турак-жайларды иреттеп, жаңы муундагыларга  кабаттуу үйлөр  менен камсыз кылуу макстаныда мыйзамдарды кабыл алуу.
  6. Мамлекеттик(улуттук) кызыкчылыктар өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле  мамлекеттин улуттук  кубаттуулугун  арбытууга жана жарандардын турмуш жыргалчылыгын  арттырууга кызмат кылуучу, тарыхий жана маданий  мурастарынын  баалуулуктары  жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат  субьектеринин  иштеринин умтулуулары жана демилгелери менен шартталган кызыкчылыктар.
  7. Жогорку Кеңештин конституциялык курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланган 90 депутаттан турат, ошол 90 депутаттын катарында кошулуп калсам, ар бир күнүмдү туура  пайдаланышын жана элдин көйгөйүн кабыл аламын.

Штабдын дареги: Лейлек району, Исфана шаары Раззаков көчөсү №58/1

тел.: (0552) 009 – 692

Электрондук почтасы: kirgiziabishkek@gmail.com

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)