№1 Лейлек шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевичтин
ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ
Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, 1991-жылдын 16-майында Баткен облусунун Лейлек районунун борбору Исфана шаарында туулган.
Кыргыз Республикасынын жараны. Жогорку билимдүү.
1998 – 2009-жылдары Исфана шаарындагы Алишер Навои жана Юрий Гагарин атындагы орто мектептерде билим алып, окуусун Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Юридика институтунда уланткан жана аны 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган.
2011-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы ЖОЖдор аралык аскер кафедрасын бүтүргөн.
2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коомдук жардамчысы.
2017-жылдын 13-мартынан азыркы күнгө чейин Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү.
Кесиби юрист, аскердик даражасы юстициянын ага лейтенанты.
Үй-бүлөлүү, 2021-жылы төрөлгөн бир кыздын атасы.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)