№1 Лейлек  шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чынгыз Ажибаевдин шайлоо алдындагы программасы:

Социалдык тармак

  1. Саламаттыкты сактоо. Баткен облусуна берилген өзгөчө статустан пайдаланып, жогорку айлык акы жана мыкты социалдык камсыздоо аркылуу жогорку категориядагы медицина кызматкерлерин тартуу. Ооруканалардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында чечкиндүү кадамдарды жасоо. Социалдык дарыканаларды уюштуруу жана эң зарыл болгон дары-дармектер өз баасында сатылышын, алардын салыктык төлөмдөрдүн жеңилдетилишин камсыздоо. Мамлекеттик ооруканалар, жеке менчик ооруканалар, дартты аныктоочу лабороторияларды ачууну жолго салуу. Алардын кызмат көрсөтүү баалары жергиликтүү калктын социалдык абалына жооп бере тургандай шартты түзүү.
  2. Билим берүү. Күчтүү жана бакубат өлкөнүн негизи - билимдүү жаштарда. Мугалимдерди социалдык жактан камсыздоо, айыл жергесине өз ишине берилген мугалимдерди тартуу. Жараксыз абалга келген мектеп имараттарын капиталдык оңдоп-түзөө жана жаңы мектептерди куруу жаатында бизнес коомчулугу менен өнөктөштүктө иш алып баруунун жолун табуу.
  3. Пенсия, жөлөкпул менен камсыздоону жакшыртуу. Лейлек району чек арага жакын аймак болуп саналгандыктан, ошондой эле Баткен облусуна берилген өзгөчө статустун алкагында аталган райондун пенсионерлеринин пенсиясынын жана жаш балдарга, майыптарга берилүүчү жөлөкпулдун көлөмүн көбөйтүү маселесин көтөрүп чыгуу.

Чек ара коопсуздугу жана тынчтыкты камсыздоо. Лейлек районунун чек ара маселесин чечүү жана жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу көйгөй бойдон калууда. Маселеге чекит коюу – убакытты жана сабырдуулукту, юридикалык сабаттуулукту жана саясий көрөгөчтүктү талап кылат. Чек ара талаштары тынчтык жол менен гана чечилиши зарыл. Эл өкүлү катары менин башкы милдетим – лейлектиктердин тынчтыкта ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга багытталат. Бул үчүн чек араны чыңдоого багытталган “Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө” мыйзамына зарыл толуктоолорду киргизүү колго алынат.

Миграцияны кыскартуу. Лейлек районуну калктын миграциялануусу боюнча район республикада алдыңкы сапта. Депутаттык ишмердиктин дагы бир багыты ушул көйгөйдүн жогорку деңгээлде мыйзамдуу чечилишин көздөйт. Чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу. 

Штабдын дареги: Лейлек району, Исфана шаары Строительная көчөсү 36

тел.: (0550) 06-44-44

Электрондук почтасы: leilekshtab6@gmail.com

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)

***