№1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К.А. Таштанкуловдун шайлоо программасы.

  1. Экономика

Пайдалуу кендердин көлөмү, наркы, рентабелдүүлүгү боюнча иштеп жаткан бардык кендерге сапаттуу талдоо жүргүзүү. Кен иштетилип жаткан аймактын үлүшүнүн көбөйүшүнө өзгөчө көңүл буруу. Тышкы карызды төлөө үчүн кендерди берүүгө таптакыр жол бербөө.

Россия Федерациясы менен бирдикте Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын каскадынын башка объектилерин курууну жандандыруу.

  1. Коопсуздук

Коңшулар менен чек араларды жөнгө салуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, экономикалык коопсуздук. Коррупцияга каршы күрөшкөн субъекттерди аныктоо жана аткезчилике каршы күрөштү күчөтүү. Эң негизги жана азаптуу көйгөй - мамлекеттик чек аранын белгисиздиги. Натыйжада башка көйгөйлөр пайда болот: жер үчүн күрөш, суу ресурстарына жетүү үчүн, жайыттар, айыл жергесинде жумушсуздуктун айынан жаштардын миграциясы.

  1. Мамлекеттик башкаруу

- мамлекеттик органдардын жарандарга отчеттуулугу;

- мамлекеттик органдардын ишинин ачык -айкындуулугу;

- башкарууну санариптештирүү, административдик-

  аймактарды реформалоо

- Жергиликтүү жамааттарды бекемдөө.

  1. Социалдык чөйрө

Билим берүүнүн жана медицинанын сапаты

Билим жеткиликтүү жана заманбап, практикага багытталган

Социалдык чөйрөнү жакшыртуунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн, аз камсыз болгон жарандарды финансылык жана башка материалдык каражаттар менен түздөн-түз камсыздоонун булактарынын бири кендин жер казынасын пайдалануучулар менен социалдык пакеттердин программаларын түзүүнүн туура ыкмасы жана уюштурулушу.  Кенде  көпчүлүк тоо-кен ишканаларынын ушул күнгө чейин иштеп жаткандыгына карабастан, жергиликтүү бийликтер жер участокторуна уруксат берүүдө жер казынасын пайдалануучуларга жергиликтүү жамааттарга социалдык пакетти берүү боюнча атайын пландарды түзүшпөйт, анын натыйжасында, республиканын айрым региондорунун аймактарында социалдык жана башка объекттер, жолдор массалык түрдө курулбай, инфраструктура өнүкпөй жатат, коомдун аз камсыз болгон катмарларына материалдык жардам көрсөтүлбөйт жана аларды жумуш менен камсыз кылуу маселеси чечилбейт.

  1. Экология

Тоо-кен ишканаларынын аймактык бюджетине белгилүү бир салым кошконуна карабастан, алардын ишмердүүлүгүнөн келип чыккан экологиялык көйгөйлөр чечилбей келет.

Штабдын дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү №7

тел.: (0772)70 62 09

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)