Аширалиев Чынтемир Камчыбекович

Өмүр жолу

 Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылында 1986-жылы 3-ноябрда туулган;

  • Билими жогорку. 2012-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын “Юриспруденция” факультетин, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик башкаруу жана саясат” факультетин аяктаган;
  • “Элим”, “Тагдыр талашкан ажал” аттуу патриоттук китептеринин жана Кыргыз Республикасынын Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо боюнча окуу куралынын автору;
  • Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
  • 2004-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында аскердик кызмат өтөгөн;
  • 2006-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Атайын кызматтарда жөнөкөй кызматкерден, жетекчилик кызматтарга чейинки кызмат орундарын аркалап келди.
  • Аскердик наамы: майор;
  • Инженердик жана медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча окуу курстарын бүтүргөн.
  • 2014-жылы Түркия Республикасында адистик ишмердүүлүгүн жогорулатуу багытында атайын окууну аяктаган.
  • Андан тышкары кызматтагы үзүрлүү эмгеги үчүн төмөндөгүдөй сыйлыктар менен сыйланган:
  • КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Ыраазычылык каты;
  • КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын Ардак грамотасы;
  • КР УКМКсынын төрагасынын Ардак грамотасы жана “Аскердик милдетти үлгүлүү аткаргандыгы үчүн” төш белгиси;
  • КР Коргоо министрлигинин “Аскердик каармандык” төш белгиси;
  • КР Ички иштер министрлигинин төш белгиси;
  • КР УКМКсынын II жана III даражадагы “Кызматтагы артыкчылыгы үчүн” төш белгиси;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төш белгиси.
  • КР Аскердик кармашып урушуу боюнча федерациясынын башкы машыктыруучусу жана КР Кармашып урушуу боюнча федерациясынын Баткен облусу боюнча президенти;
  • КР Кармашып урушуу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, кара кур (3-дан) ээси;
  • Кармашып урушуу боюнча эл аралык категориядагы калыс;
  • Спорттогу ийгиликтер үчүн төмөндөгүдөй жетишкендиктерге жетишкен:
  • Кыргыз Республикасынын Кармашып урушуу боюнча спорттук түрүнүн 4 жолку чемпиону;
  • Кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирдин чемпиону;
  • Санкт-Петербург жана Ташкент шаарларында өткөн Кармашып урушуу боюнча Дүйнөлүк чемпионаттардын күмүш жана коло медалдарынын ээси;
  • Казакстан Республикасынын биринчи президенти, Элбашы Нурсултан Назарбаевдин кубогу үчүн уюштурулган V эл аралык турнирдин “Мыкты машыктыруучу” дипломунун ээси;
  • Кармашып урушуу боюнча спорт түрүнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Аширалиев Чынтемир Камчыбекович

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)