№2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин шайлоо алдындагы программасынын негизги багыттары:

Баткендин коопсуздугу – Кыргызстандын коопсуздугу

Коопсуздук жана чек аралар.

Чек арага жакын айылдардын, айрыкча Баткен жана Кадамжай райондоруна караштуу калктуу пунктардын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо менен биз жалпы мамлекеттин коопсуздугун камсыздай алабыз.  Бул үчүн:

- Кыргыз Республикасынын чек ара заставаларынын санын көбөйтүү жана алардын материалдык -техникалык базасын жакшыртуу.

- жергиликтүү айыл жаштарынын арасынан аскердик адистерди даярдоо үчүн аскердик окуу жайларын жана лицейлерди ачуу зарыл, анткени алар өз жерин жана үрп-адатын жакшы билишет;

- "Коопсуз айыл" долбоорун ишке киргизүү зарыл, бул үчүн жол чырактарын,  жөө адамдар өтүүчү жолдорду, жол белгилерин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу заманбап камераларды орнотуудан баштоо керек;

Өнүккөн социалдык инфраструктура. Айылдар тургундарынын турмуш деңгээлин аныктоочу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири - калктын кирешеси жана социалдык инфраструктуранын өнүгүү абалы эсептелет. Андыктан:

- мектептерди, бала бакчаларды, фельдшердик-акушердик пункттарды, маданият үйлөрүн, спорт залдарын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, материалдык-техникалык базасын тез арада чыңдоо;

- калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыздоо боюнча маселелерди чечүү, анын ичинен насостук станцияларды куруу;

- жогорку ылдамдыктагы интернетти жана байланышты киргизүү;

Билим берүү. Баткен жана Кадамжай райондорундагы айылдардын келечеги билим берүү системасына түздөн-түз көз каранды болгондуктан:

- керектүү окуу куралдары жана китептери менен камсыздоо аркылуу мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелеринде кыргыз жана чет тилдеринде окутуу жүргүзүү, жеткиликтүү заманбап билим берүү;

- Баткен облусуна спорттук мектептерди ачуу.

- айылдын ар бир мектебине спорттук залдарды салуу жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү шарт.

Маданият жана туризм. Маданиятыбызды кыргыз элибиздин жана аймагыбыздын маданий-тарыхый мурастарын жайылтуу жана андан ары сактоо жолу менен өнүктүрүүгө болот. Муну менен биз жаштарды тарбиялап, туризмди да өнүктүрүүгө жетишебиз.

- кинотеатрларды жана ыңгайлуу окуу залдары менен китепканаларды куруу, маданият үйлөрүн калыбына келтирүү жана заманбап маданий, эс алуу парктарын ишке киргизүү.

                        

Штабдын дареги: Халмион айылы, “Баяман баатыр” базары- Топчубай ажы дүкөнү

тел.: (0770) 00-68-68; (0702) 10-27-70

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)