
ДЫЙКАНОВ МАКСАТБЕК ДЫЙКАНОВИЧ 1961-жылдын 21-декабрында Баткен районунун Самаркандек айылында туулган.
1984-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган.
2001-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде аспирантураны бүтүргөн.
Эл аралык транспорт академиясынын академиги.
Эмгек жолу: 1984-1991-жылдары комсомолдук, партиялык, чарбалык ар кайсы кызматтарды аркалаган.
1991-1999 жылдары Баткен ремонттоо-курулуш башкармалыгынын жетекчиси; “Нур-ЛТД” коому, “Кыргызайылтраст” фонду, каржылык-кредиттик компанияларынын генералдык директору;
1999-2003-жылдары Баткен облустук адмистрациясынын аппарат башчысы; Губернатордун биринчи орун басары;
2004-2019-жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинин бөлүмүнүн, башкармалыктарынын жетекчиси; Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы – министрдин биринчи орун басары;
2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уул, 5 небереси бар.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)