Бир мандаттуу №2 Баткен округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

ДЫЙКАНОВ МАКСАТБЕК ДЫЙКАНОВИЧТИН ПРОГРАММАСЫ

Өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктап, эл турмушун жакшыртуучу зор реформаларды ишке ашыруу үчүн баарынан мурда алдыны көрө билген көрөгөчтүк, жасалчу ишке көз жетүү жана ишеним маанилүү эмеспи. Бул ириде албетте тажрыйба менен басып өткөн жолго байланыштуу. Мен 1984-жылдан тарта ар кайсы кызматтарда иштеп такшалдым, башкаруунун бир канча баскычынан өтүп, мамлекеттик деңгээлдеги чечим кабыл алууларга чейин катыштым. 37 жылдык эмгек жолумда комсомолдук, партиялык, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги жетекчилик кызматтарда иштедим. Бул жол мени такшалтты, көкөй кескен маселелерди жон терим менен сезип, аны чечүү жолдорун үйрөттү. Эми ошол топтогон тажрыйбамды киндик каным тамган Баткенимдин, жалпы эле Кыргызстанымдын өнүгүүсүнө жумшоо үчүн чоң сапарга аттанып турам.

Баткендин бүтүндүгү

Баткен облусунун шарты катаал, өзгөчө чек арага чектеш бардык айылдарында жашоого ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек. Социалдык объектилер, таза суу жана башка муктаждыктар чечилгенде гана караламан калк өз айылдарын таштап, башка жактан жакшы жашоо издеп кетпейт. Элге керектүү шарттарды түзүү менен ички, тышкы миграция агымын кескин азайта алабыз.

Жумуш орундарын түзүү

Баткенге инвестиция, гранттарды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүп, жумуш орундарын түзөбүз. Кайра иштетүүчү өнөр жай тармагын өнүктүрүү менен жумушсуздукту азайтуу, салыктын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ички жолдор

Баткен облусунда республикалык маанидеги жолдорду заманбап, бардык стандарттарга шайкеш келтирип куруп бүттүк. Эми элдин соода-сатык иштерин жүргүзүүгө, карым-катнашына тоскоолдуктарды жараткан жаман абалдагы ички жолдорду оңдоо милдети турат. Дагы бир маанилүү жагдай, Ак-Сай - Тамдык, Ак-Сай - Рават альтернативдүү жолдорун бүтүрүү да элдин, өлкөнүн коопсуздугу үчүн абдан маанилүү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде статс-катчы – министрдин биринчи орун басары болуп турганымда бул багытта көп иштер аткарылды. Бирок пландалып, ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жетпей калган жумуштар да бар. Ошол кадамдар туура башталганын эми убакыт өзү далилдеп койду. Мен бул маселени чечүү жолдорун эң жакшы билем жана Жараткан жар болуп, элим колдоп, мүмкүнчүлүк берилсе калганын да ишке ашырам.

Аба каттамдарын көбөйтүү жол кырсыктарын азайтат

Баткен аэропортун жаңыланып, учуу-конуу тилкеси узартылат. Бишкек-Баткен багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүп, билет арзандайт. Карапайым элдин каттоосу жеңилдеп, жолдогу кырсыктар да азаят. Авиация тармагын мыкты билген адис катары мен бул маселени чечүү жолун билем. 

Жөлөкпул берүү системасын да башынан карап чыгып, чыныгы муктаж адамдарга бериле турган кылабыз.

Билим жана ден соолук

Билим берүү жана медицина тармагын реформалап, элибиздин саламаттыгы жана сабаттуулугу үчүн кам көрөбүз.

Кадр баарын чечет

Кадрларды даярдоо маселеси да жолго коюлушу керек. Бул көйгөйдүн терс таасири бүт мамлекеттик кызматтарда байкалат.

Таза суу – саламат жашоо

Таза суу тартыштыгы Кыргызстандын көп аймактарындай эле Баткен облусунда да эң орчундуу маселе. Бул багытта мамлекетке келген гранттар, кредиттер максатсыз пайдаланылып, маселе чечилбей калган. Ал кечиктирилбестен чечилип, калктын саламаттыгы үчүн кам көрүлүшү шарт. Өкмөттө иштеп турганымда бул багыттагы иш башталган. Аны улантып, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Айыл чарбасын колдоо

Баткен облусунун аймагында суу жетпегендиктен көп жерлер иштетилбей, кысыр калууда. Бирок облусту гүлдөгөн, бак-шактуу аймакка айлантуу үчүн ирригациялык ири долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бул үчүн дарыялардын колдонулбай жаткан потенциалын пайдаланып, суу сактагычтарды, каналдарды куруу менен он миңдеген гектар жерлерге суу чыгарсак болот. Баткенде өскөн мөмө жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү менен дыйкандарга продукциясын кыйынчылыксыз сатуу мүмкүнчүлүгүн түзөбүз.

Айтып кеткенимдей, мен элим, өлкөм үчүн көп жыл кызмат өтөдүм. Азыр эми жашым да алтымышты таяп, толуп-ташып турган убагым. Депутаттык мандат алуу менен марттабамды арттырайын, же материалдык кызыкчылыгымды ишке ашырайын деген тилегим да, ниетим да жок. Топтогон тажрыйбамды колдонуп, Кыргызстаныбызга өнүгүү, элибизге жаркын келечек тартуулап, жаңы муундун жана Жараткандын алдындагы вазыйпамды татыктуу аткаруу үчүн гана шайлоого аттандым. Алдыда айткан долбоорлорду ишке ашырууга көзүм толук жетет жана колумдан да келет. Тажрыйбам да жетиштүү. Демек, тажрыйбаны тандаңыз да, анын үзүрүн көрүңүз, урматтуу шайлоочум!

Штабдын дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 30

тел.: (0776) 06-70-68

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)