
Мен, Аркабаев Номанжан Акматович, 1959-жылдын 9-майында Баткен районундагы Апкан кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулгам. Үй-бүлөдөгү 13 бир туугандын 3-сүмүн.
1966-жылы Апкан кыштагындагы Телман атындагы башталгыч мектепке окууга кирип, 1976-жылы Кадамжай районундагы Макаренко атындагы орто мектепти аяктагам.
1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик унивеситетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, аталган окуу жайды 1982-жылы аяктап, журналистика адистиги боюнча дипломго ээ болгом.
1983-жылы Фрунзе шаарындагы Октябрь райондук ведомстволук эмес күзөт бөлүмүнө катардагы милиционер катары кызматка орношком жана мага “милициянын старшинасы” наамы ыйгарылган.
1991-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбрдук аппаратына министрликтин “Бетме-бет” газетасына кабарчылык кызматка которулуп, “милициянын капитаны” наамын алгам.
1986-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых-юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө кирип, аны 1994-жылы аяктап, укук таанучу адистигине ээ болгом.
1996-жылы “Бетме-бет” газетасынын жооптуу катчысы болуп дайындалгам.
2000-жылы “Бетме-бет” газетасынын башкы редактору болуп дайындалгам жана мага “милициянын майору” наамы ыйгарылган.
2002-жылы Ички иштер министринин 1-орун басарынын жардамчысы болуп дайындалгам жана мага “милициянын подполковниги” наамы ыйгарылган.
2005-жылы Ички иштер министрлигинин кадрлар башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгам жана мага “милициянын полковниги” наамы ыйгарылган.
2006-жылы Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук кызматынын начальниги болуп дайындалгам.
2006-жылы 15-Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангам.
2007-жылдын 22-октябрында Президенттин указы менен Жогорку Кеңеш таратылган соң, кайрадан Ички иштер министрлигине кызматка алынып, алгач 9-башкармалыктын 2-бөлүмүнүн начальниги, андан соң министрликтин Ички коопсуздук кызматынын Бишкек шаары боюнча начальниги болуп дайындалгам жана 2009-жылыардактуу эс алууга чыккам.
2012-жылдан бери жеке адвокат катары кызмат кылып келүүдөмүн.
Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчсүмүн.
Кызматтагы көрсөткүчтөрүм үчүн 2006-жылы “СКС” карабини жана “Макаров” тапанчасы менен сыйлангам.
1977-жылдан бери Бишкек шаарында турам.
5 баланын атасымын.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)