Бир мандаттуу №2-Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын ЖК депутаттыгына талапкер

Номанжан АРКАБАЕВдин шайлоо алдындагы

П  Р  О  Г  Р  А  М  М  А  С  Ы

  1. Ички саясат багытында. Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн кечиктирилгис чараларын кабыл алуу боюнча парламентте маселе коюу жана аны ишке ашыруга коомчулукту тартуу;

Бул багытта сот жана күч структураларында принципиалдуу реформаларды ишке ашыруу. Мисалы, аталган тармактарды коомчулуктун түздөн-түз катышуусу менен тазалоо; Укук коргоо органдарынын жетекчилерин жана судьяларды ротациялоо.

Конституциялык тартипте өлүм жазасын калыбына келтирүү. Эгер бул сунуш толук колдоого ээ болбосо, анда өлүм жазасын сот, күч, көзөмөлдөп-текшерүү органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн белгилөөгө жетишүү. Адам укугун коргоо боюнча мыйзам талаптарын катаалдаштыруу.

Өлкөдөгү ЖОЖдордун санын 50дөн 10 – 12ге чейин кыскартуу жолу менен тармактын материалдык-техникалык, профессордук-окутуучулук курамынын сапатын олуттуу жакшыртуу. Мунун өзү бул багыттагы туура эмес саясаттан улам пайда болгон массалык жумушсуздукту кескин азайтууга, сандан сапатка өтүүгө салым кошору талашсыз.

Кадрларды даярдоо жана дайындоо багытында бүгүнкүдөй  эмес, реалдуу конкурстук тандоолорду ишке ашырууга жетишүү;

Агартуу, саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенгендерди социалдык жактан колдоону олуттуу жакшыртуу.

Баткен облусуна өзгөчө аймак статусун чечүү жана каржылоого жетишүү.

  1. Тышкы саясат багытында. Россия баш болгон КМШ мамлекеттери менен карым-катнашты заман талабына ылайык бекемдөө (инветицияларды тартуу, аскердик кызматташуу, кадрларды даярдоо ж.б. тармактарда). Чек араларды аныктоону биротоло аягына чыгаруу.

Россия менен аскердик кызматташуу алкагында Баткен облусуна РФ Кыргызстандын биргелешкен аскердик базасын жайгаштыруу.

Өнөр-жай тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү багытында, биринчи кезекте, Россия, Турция, Өзбеистан, Беларусь сыяктуу алдыңкы жана сыналган мамлекеттер менен кызматташууну дагы да күчөтүү.

Туризмди өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири катары жолго коюу.

Жогоруда белгиленген талаптарды жакынкы жылдарда ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшө алат деп ишенимдүү айтууга болот.

Штабдын дареги: Баткен шаары, Салихов көчөсү 5

тел.: (0777) 72-81-18

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)