
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Ар бир айылга, айыл чарбага тийиштүү продукцияларды кайра иштеп чыгаруу концервация цехтерин ачып берүү жана аларга инвестиция тартуу.
- Россияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө массалык эмгек миграциясынын агымы күчөшүнө бөгөт коюу. Жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу. Жумуш орундарын ачуу.
- Бак өстүрүү жана мал чарбачылыгынын өндүрүү-сатуу процессин өнүктүрүү.
- Дыйкандарга сапаттуу, түшүмдүлүгү жогоруу сорттогу үрөндөрдү камсыздан берүү.
- Логистикалык борборлорду куруу.
- Кыз-келиндерге жумуш ордун түзүү үчүн тигүү цехтерин көбөйтүү жана Кандитердик цехтерди ачуу.
- Жаш мугалимдерге стимул бериш үчүн материалдык жардам көрсөтүү жана аларды колдоо.
- Айылдык медицина тармагына жардам берүү тейлөөсүн жакшыртуу.
- Ортомчусу жок элге ынгайлүү баада сатуу үчүн дыйкандарга чакан «Дыйкан» базарларын ар бир айылдык окруктардын борборлоруна ачып берүү.
- Турак жай куруу үчүн мыйзамдын негизинде кайракы жерлерди трансфармациялоо, муктаж жаш үй-бүлөлөргө жер тилкелерин өз убагында берүү.
- Айылдардагы эскилиги жеткен мектептердин ордуна жаңы заманбап мектептерди куруу.
- Бала бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу. Айылдарга бала бакчаларды ачуу жана алардын тарбиялык билимин, тамак-ашын жакшыртуу.
- Айыл жерлерде кооперативдерди тузүү менен пландаштырылган эң зарыл болгон эгиндерди эгүү. Жер кыртыштарын оңдоо, эгин суулуу жерлерди семиртүү жана мол түшүм алуу.
- Дыйкандарга, фермерлерге жана ишкерлерге 4% пайыздык көп жылдык кредиттерди алып берүү. Аларды сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндо ашыруу.
штаб дареги: Жоош айыл өкмөтү, Большевик айылы, Ак-Ниет дүкөнүнүн жаны
тел.: (0557) 774 839