Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин Программасы 

ПРОГРАММАНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ 

ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА ИШКЕ ОРНОШТУРУУ Максаты: жаштарды иш менен камсыз кылуу.Милдеттер: эмгек рыногунда жаштарды ишке орноштурууну жөнгө салуунун көрүнүктүү рычагын түзүү (социалдык колдоо чаралары).

БАКТЫЛУУ ЖАШ ҮЙ-БҮЛӨ

Максаты: иштеген жаш үй-бүлөлөрдү арзан турак жай менен камсыз кылуу, ажырашуулардын санын азайтуу.

СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫ

Максаты: сергек жашоого үндөө, спорттук иш-чараларды уюштуруу.

Милдеттер: ден соолукту чыңдоо, жаштар арасында баңги заттарды, алкоголду жана тамеки колдонуунун алдын алуу; эс алуу жайларын жана массалык маданий иш-чараларды уюштуруу. Ички туризмди өнүктүрүү.

МЫЙЗАМДУУЛУКТУ САКТОО, ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

Максаты: республиканын жарандарынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу.                

КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨ

Мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык колдоонун чаралары жана программалары жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КАЛКТЫ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ

Жогорку окуу жайларында кийин кепилденген ишке орноштуруу менен айрым адистиктер боюнча студенттерди даярдоонун мамлекеттик заказ принцибин киргизүү (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттер).

РУХАНИЙ ТАРБИЯ ЖАНА МАДАНИЙ БААЛУУЛУКТАР

Балдар искусство мектептерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү. Атайын программалар аркылуу мектеп окуучуларынын, жаштардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, пенсионерлердин маданий мурастарга жетүүсүн камсыз кылуу. 

Атайын инклюзивдик маданий программалар аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдун толеранттуу мамилесин жайылтуу.