КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

  • Жумуш менен камсыздоо

- медициналык мекемелерде жана билим берүү мекемелериндеги "кадр жетишсиздигин" жоюу максатында жаш адистерди социалдык колдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- эмгек рыногунда жаштардын иш менен камсыздалышын жөнгө салуу жана эмгек рыногун маалыматтык камсыздоону жакшыртуу боюнча көрүнүктүү рычагдарды түзүү аркылуу жаштарды татыктуу жумуш менен камсыз кылуу;

- жаштарга төмөн пайыздык чен менен насыя берүү аркылуу колдоо көрсөтүү;- чакан жана орто ишкердүүлүк  үчүн пайыздык чендери төмөндөтүлгөн  кредиттерди берүү менен  ишканаларды жана  жумуш орундарын түзүү;- биздин региондордо чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү;

• Социалдык колдоо, мекендештердин жашоо шарттарын өнүктүрүү- Биздин аймактын калктуу конуштарынын жашоочулары үчүн квалификациялуу медициналык жардамды тез жана сапаттуу алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Калк менен оорулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл, аларды диагностикалоо методдору боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүн түзөбүз;- Айыл жерлериндеги олуттуу көйгөйлөр - аймактарды жана жолдорду жакшыртуу, суу менен камсыздоо жана суунун сапаты маселелери. Буга байланыштуу, мен "Таза суу" программасын ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүүгө салым кошом, республикабыздын  область, район  борборлорунун жана шаарларынын көчөлөрүндө гана эмес, алыскы калктуу конуштардагы жолдордун оңдоп-түзөөгө багытталган каржылоонун көбөйүшүнө аракеттенебиз. 

• Чек арадагы талаштарды кыска мөөнөттө чечүү

 

Телефон: (0999)70 00 37

Электрондук почта: Nurik00@mail.ru